Пример HTML-страницы

Түркиянын борборунда кыргыз акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТүркиянын Анкара шаарында кыргыз акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев да катышууда. Маараке 26-29-февраль күндөрү Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулууда.

Бул саамалыкка Түркиянын мамлекеттик кызматкерлери, элчилер, академиктер жана түрк дүйнөсүнөн барып окуган студенттер катышууда.

ТҮРКСОЙ уюмунун туруктуу кеңеши тарабынан 2024-жыл Барпы Алыкулов жылы катары кабыл алган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Абсаттар Сыргабаев кыргыз элинин маданият тармагынын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон, адабияттын дыйканы, көркөм сөз чебери Барпы Алыкулов ата-бабалардын бай руханий дүйнөсүн жайылтууга чоң салым кошкон чыгаан инсан экенин белгиледи. Ал мындай аракеттер Барпы Алыкуловдун чыгармаларын баалап, аны кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө жайылтууга жол ачарын кошумчалады.

Барпы Алыкулов (1884-1949) Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ачы кыштагында туулган. 9 бир тууганы болгон. Атасы Алыкул, анын атасы Шамурза тегинен жарды, кембагалдын тукуму болгондуктан, ар кимге жалчы жүрүп өмүр өткөрүшкөн. Барпы Алыкулов да эс тарткандар тарт малын багып, отунун алып, күлүн чыгарган.

Ал 36 жаш курагында катуу ооруга чалдыгып, эки көзү тең бүдөмүктөп калган. Турмуш жолунда 23 перзентти жерге берет. Жалгыз кызы аман калган. Даанышман акын 1949-жылы 9-ноябрда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) дүйнөдөн кайткан. Сөөгү калаанын түндүгүндөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE