Пример HTML-страницы

Түркияда үй жыйнап иштеген А.Иманбекова

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылынын 53 жаштагы тургуну Анаркүл Иманбекова Анкара шаарында 6 жылдан бери эмгектенип келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Учурда Түркиянын Анкара шаарындамын. Бул калаада 2016-жылдан бери эмгектенип келем. Адистигим боюнча бухгалтермин. Кыргызстанда жумуш орундары азайганына жана айлык маянанын эч нерсеге жетпегенине байланыштуу бул жакка келгем. Үй жумуштарын аткаруу үчүн жардамчы болуп иштейм. Айлык маянабыз бир жыл мурун 600 доллар эле. Өлкөнүн экономикасы өзгөргөнүнөн улам 300 доллар болуп калды. Эки эсе түшүп кетти.

Шаардын жашоочулары биздей мигранттарды жумуш менен камсыз кылып турушат. Жаңы келгенде, такыр түрк тилин билчү эмесмин. Үй кожойкеси «кашыкты алып берчи» десе, бычакты берип койгон күндөрүм болгон. Бирок адам баласы аракет кылса, баарын үйрөнөт экен. Мен да акырындык менен түрк тилин өздөштүрүп кеттим», — деди ал.

Анын айтымында, Түркияда эмгектенген кыргыздар көп.

«Түрк ашканасы башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүп даамдуу жана таттуу. Жаратылышы биздин Ысык-Көлгө окшоп кетет. Бийик-бийик тоолор менен курчалып, абасы таза. Түркия Европа өлкөлөрүнөн кем калышпай, бардык жаатта өнүгүүгө жетишкен десем болот. Имараттардын кооздугу жана сапаты, коомдук жайлардын тазалыгы, маданият жана башка мисалдар бар.

Бул жакта эмгектенип жүргөн кыргыздар абдан көп. Жалпы 30 миңден ашуун кыргыз бар дешет, бирок андан деле көп болсо керек. Түркияда деле Кыргызстандагыдай баары кымбаттап жатат. Азык-түлүк, жер-жемиш, газ, бензин жана башкалар. Анын үстүнө доллар көтөрүлүп, лиранын куну түшүп кетти», — деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөсү жөнүндө кыскача айтып берди.

«Өз өлкөмө жай мезгилинде барып турам. Балдарым менен телефон аркылуу күндө баарлашам. 1 уул, 2 кыз жана 2 неберем бар. Эки балам окууну аяктап, турмуш курушкан. Кичүү кызым 10-класста окуйт. Буюрса анын да жогорку окуу жайда билим алуусуна шарт түзгүм келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE