Пример HTML-страницы

Түптө Айымдардын эл аралык майрамы белгиленип, эмгектин алдыңкылары сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда 8-март — Айымдардын эл аралык майрамы белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Майрамдык саланатка ар кыл кесиптин ээлери, ушул тапта ардактуу эс алууда болсо да, райондун өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келе жаткан ардагерлер, баатыр энелер, фостердик үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү чакыртылды.

Азем кыргыздын улуттук кийимин даңазалаган парад менен башталды. Ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, маданият үйүнүн жаңы түзүлгөн ансамбли, музыкалык окуу жайдын окуучулары ыр-күүлөрдү тартуулашты.

Район акими Каныбек Адиев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыл Алдаяров, аскер комиссары Темирбек Асанов иш-чаранын катышуучуларын майрамы менен куттукташты.

Андан соң жалпы дарыгелер практикалык борборунун дарыгери Атыркүл Сегизековага, баатыр эне Жакшылык Асановага, эмгектин ардагерлери — Умсунай Сыдыкбаева, Жумагүл Акматалиева жана Анархан Осмонбаевага «Түп районунун кадырлуу эмгек каарманы» наамы берилип, төш белгилер тагылды. Мындан тышкары ушул кезде эмгектенип жаткан 10 айымга Түп райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары жана 100 айымга баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE