Пример HTML-страницы

Сузактык ишкер Баткенге 400 000 сомдук азык-түлүк жеткирди (сүрөт, видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы жеке ишкер Умар Мухаммедов өзүнүн эсебинен Баткен облусуна азык-түлүк алып барды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ишкердин айтымында, куралдуу кол салууда турак жайсыз калган жарандарга үй куруу башталганда кыш (кирпич) алып барып берүүнү пландап жатат.

«Кыргызстан көп улуттуу, биримдиктүү өлкө. Өлкөбүздүн тынчтыгы, бейпилдиги, бүтүндүгү баарынан кымбат. Мындайда жөн эле карап отуруу мүмкүн эмес. Элибиз кыйналып турганда, аз да болсо көмөк бергим келди. Алган азык-тулүктөрдү Баткен жергесине жеткирип келдим. Ал жактагы жарандардын абалы бизди да ойлонтот. Эми элдин үйлөрү курулуп баштаса, бышык кирпич жеткирип берсемби деп ойлоп жатам. Бийлик да кышка чейин жарандарды үйлүү кыларын айтышты го. Баарыбыз колдосок, эл кыштын суугуна калбай үйлөрүнө кирип алышат деп ойлойм», — дейт ал.

Жеке ишкер жалпысынан 400 000 сомдук азык-түлүк жеткирген.

Умар Мухаммедов өткөн жылы мамлекеттик тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган атайын эсепке 10 миллион сом которгон.

Ал районго бир бала бакча куруп берүүнү көздөгөн болчу. Бирок өлкөнүн тышкы карызы жөнүндө сөз болуп жаткандыктан карызды төлөөгө көмөк көрсөтүүнү туура көргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE