Пример HTML-страницы

Сузактагы тургун кудагыйы менен болгон окуядан кийин катуу көзөмөлгө алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын айдоочусу шарттуу жаза алды. Тактап айтканда, ал пробациялык көзөмөлгө алынды.

  • Айыпталуучу Тимур 1980-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Орто билимдүү, үй-бүлөлүү, баласы бар, мурда соттолгон эмес.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, окуя 2020-жылдын 13-октябрында саат 21:00 чамасында Тимурдун инисинин үйүндө болгон. Ал кудагыйы — 1954-жылы туулган О.К.ны оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, анын алсыз абалдагы аял киши экендигин билип туруп, колунан кармап түртүп, жерге жыгылткан. Анын кесепетинен кудагыйы денесинен жаракат алып, Сузак районунун ооруканасына амбулатордук тартипте кайрылган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, ал анча оор эмес жаракат алганы аныкталган.

Тимур Сузак райондук сотунун 2021-жылдын 12-январындагы өкүмү менен Жазык кодексинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакция) 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (күнөөлүү билип туруп, алсыз абалдагы адамга карата ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 50 000 сом айып пул салуу менен менен 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал эркиндигинен ажыраткан жазадан бошотулуп, 1 жылга пробациялык көзөмөл дайындалган.

Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2022-жылдын 2-мартындагы өкүмү менен Сузак райондук сотунун 2021-жылдын 12-январындагы өкүмү өзгөртүлгөн. Өкүмдөн 50 000 сом айып пул жазасы алынып салынган. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.

Тимурдун жактоочусу биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун соттук актылары менен макул болбой, Жогорку сотко кассациялык даттануу келтирген. Анда соттордун тыянактары иштин чыныгы жагдайларына дал келбегендигин көрсөтүп, күбөлөр жана Тимур өзү дагы жабырлануучуга атайлап ден соолукка анча оор эмес зыян келтирген аракет жасабагандыгын билдиргенин айтты. Тмиур уруш болгон жерде көп адамдар болгондуктан жабырлануучу кандай жагдайда жана кандай абалда жерге жыгылгандыгын көрбөгөндүгүн, ал эми өзү мамлекеттик кызматкер болгондуктан урушту болтурбоо максатында адамдардын тарап кетүүсүн талап кылып, ажыратканын көрсөткөн.

Жактоочу бул иш боюнча жабырлануучу К.О.нын көрсөтмөсүнөн башка так жана талашсыз далилдер тергөө органдары тарабынан келтирилбегенин, тергөө органдары тарабынан ушундай эле материалдар менен Тимурдун иниси да ден соолукка анча оор эмес жаракат келтирүү (Жоруктар кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмү) беренеси боюнча айыпталганын көрсөтүп, айыпталуучуга карата актоо чечимин кабыл алууну суранды.

Жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө уулу менен менен күйөө баласын ажыратып жатканда Тимурга барып, «Кой, сен менин аяш уулумсуң го» деп айтканда ал аны катуу түркөндө жерге оң колу менен жыгылганын айтты. Андан кийин ооруканага барганда колу сынып калганын билген.

Жогорку сот иштин материалдарын карап, Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

Тимур пробация органынын уруксатысыз өлкөнүн чегинен чыкпоого, пробация органына жашаган жери, иши жөнүндө жана алар өзгөргөндүгү тууралуу кабарлоого, пробация органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабынын негизинде жумуш убактысында пробация органына мезгил-мезгили менен келип турууга, жашаган жеринен кыска мөөнөткө чыгып кетүү зарылдыгы болгондо пробация органынан уруксат алууга жана пробация органынын талабы боюнча сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE