Пример HTML-страницы

Сузакта 5,5 млн сомго оңдолгон канал аркылуу 1000 гектар жерге суу берилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы каналды реабилитациялоо иштери аяктады.

Маалым болгондой, каналдын 2 чакырым 800 метрине лоток орнотулуп, каражат Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан бөлүндү. Жаңыдан бүткөрүлгөн объекти менен жеринен Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун башкы адиси Курманбек Маматов жана айыл аксакалдары таанышты.

Район акими ирригация тармагын жакшыртуу багытында райондо бир катар иштер жүруп жатканын, бул багытта мындан ары да иш жанданарын белгиледи.

Ал эми облустук өнүктүрүү фондунун башкы адиси Курманбек Маматов калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация тармагында бир катар долбоорлор боюнча иш алып барып жатышканын айтып берди.

Маалым болгондой, Х3 каналына арык аркылуу суу келчү. Калыбына келтирүү жумушунун алкагында 467 даана лоток коюлду. Бул үчүн облустук өнүктүрүү фондунан 5,5 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Каналга лоток орнотуу жумушу 2019-жылы башталып, коронавирус пандемиясынан улам токтоп калган. Жумуш быйыл кайрадан жанданып, жакында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

«Каналга суу жер арык аркылуу келгенде суу жоготуу көп болот. Азыр сугат суу коромжусуз жана бат келип, эгин талааны сугарууда дыйкандарга бир топ шарт түзүлдү», — деди Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Эмилбек Жумуков.

Учурда Х3 каналынан 1000 гектар жерге суу берилип жатат. Калк негизинен буудай, беде жана арпа өстүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE