Пример HTML-страницы

Сузакта 19 жашында кан майданга аттанып, Советтер союзунун баатыры аталган Т.Тайгараевди эскеришти

Акыркы жанылыктар

TurmushУлуу Жеңиштин 77 жылдыгынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Советтер союзунун баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигине гүл коюлуп, куран окулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Баратбек Сыдыкназаров, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери, тургундар катышты. Жетекчилер жалпы катышуучуларды Жеңиш майрамы менен куттуктап, ата-бабалардын эрдигин белгилешти.

Тукубай Тайгараев 1923-жылы Сузак районундагы Кедей-Арык айылында туулган. Ал 1942-жылы Кызыл армиянын катарына чакырылып, 19 жашында согуш майданына аттанган. Андан кийин 375-аткычтар дивизиясын жетектеп, 1944-жылы Латвиядагы фашисттер менен болгон кармашта көз жумган. Тукубай Тайгараевге 1945-жылы «Советтер союзунун баатыры» наамы ыйгарылган.

  • Жалал-Абад облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 30 миңден ашуун адам катышып, анын 18 миңден ашууну кайтпай калган. Согуштагы каармандыктары үчүн облуста 7 катышуучуга «Советтер союзунун баатыры» наамы берилген.

  • Учурда облустун аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 14 катышуучусу, ооруктун 21 эмгекчиси жана концлагерде туткунда болгон 1 ардагер калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE