Пример HTML-страницы

Соодагер келин менен үй-бүлөлүү ишкердин «сүйүү мамилеси»

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык соту ири өлчөмдөгү акча опузалап талап кылган келинге өкүм чыгарды. Тиешелүү чечим ушул жылы 29-апрелде кабыл алынганы соттун токтомунда айтылат.

  • Айыпталуучу Тамила (ысымы өзгөртүлдү) 1994-жылы Ош облусунун Араван районунда туулган. Орто билимдүү, ажырашкан, 1 баланын энеси, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузалап талап кылуу) 3-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, айыпталуучу 2017-жылдын август айынан баштап 2021-жылдын 9-сентябрына чейин Өзгөн шаарынын тургуну — 1992-жылы туулган Амир (ысымы өзгөртүлдү, ал ишкерлик менен алектенет) менен телефон аркылуу байланышып жүргөн. Ал Амирге бул байланыштын айынан жолдошу менен ажырашып кеткенин айтып, анын жазган билдирүүлөрүн «үй-бүлө мүчөлөрүнө көрсөтүп, айылыңдагы элге уяткарып, өзүңдү жана үй-бүлө мүчөлөрүн көчөдө жүрө албай турган кылам» деп шантаж жасаган. Жыйынтыгында Амир ага алгач 408 миң 500 сом, башка банк аркылуу 218 миң сом которгон. Мындан тышкары Амир Тамила менен жолукканда ага 1 млн 452 миң сом берген. Айыпталуучу жабырлануучудан жалпы 2 млн 935 миң 500 сом опузалап талап кылып алган.

Андан кийин Тамила Амирди кайрадан шантаж кылып, 300 миң сом талап кылган. Ал 2021-жылдын 18-сентябрында Ош шаарында «Фрунзе» дүкөнүнүн маңдайында жабырлануучудан 100 миң сом алып жатканда кармалган.

Соттук териштирүүдө Тамила күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын көрсөтмөсү боюнча, 2016-жылдан тарта короосундагы инжирди терип, Өзгөндүн борбордук базарында сатып жүргөн. 2017-жылы аталган базарда эт сатып иштеген Амир аттуу жигит андан инжир сатып алган. Ошондой эле Амир достору менен Араванга барып, инжир жеп кетип жүргөн. Ал Тамиланын телефон номурун алып, ага чалып, билдирүү жазып баштаган. Тактап айтканда, «жаным», «асалим» деген сыяктуу сөздөрдү жөнөтүп жүргөн.

Тамиланын айтымында, Амир менен ага-карындаш катары сүлөшкөн, анын жубайы бар экенин да билген. 2018-жылы жазында өзү жашаган жердеги 7 сотых жерди айылдашына 2 млн сомго саткан. Жердин акчасын айылдашы дароо эле берген. Амир унаа алып-сатып иштөөнү максат кылып, ал акчанын 1 млн сомун карызга алган. Ал акчаны ай сайын 20 миң сомдон бөлүп берүүнү убадалаган. Акчаны алгандан кийин 1-2 ай 20 миң сомдон берген. Андан кийин Россияга кетип, ал жактан 1-2 жолу акча салган. Ал эми калган акчасын ала албай калган. Амирден талап кылып алган акчалар карызынын эсебинен алынган. Карызын ала албай жатканы боюнча милицияга кайрылган эмес жана Амир жазып берген тил катты да айрып салган. Амирге акча берип жатканда жанында өзүнүн гана апасы болгон.

Ал кылган ишине өкүнүп, пробациялык көзөмөл колдонууну суранды.

Сот отумурунда Амир да көрсөтмө берди. Анын айтымында, 2017-жылы август айында Өзгөндөгү базарда эт сатып иштеп жүргөндө инжир саткан Тамила менен таанышкан. Экөөнүн мамилеси жакшы болуп, телефон аркылуу сүйлөшүп, 1-2 жолу жолугушкан. Ал учурда Тамила күйөөсү менен ажырашып кеткен. Ал эми өзүнүн жубайы жана 1 баласы бар болгон.

Экөө сүйлөшүп баштаган учурда Тамила андан алгач 10 миң сом, андан кийин 20 миң сом карызга алган. 10-15 күн өткөндөн кийин Тамила акча сурап, эгер акча берсе ал жөнөткөн «асалим», «жаным» деген сөздөрдү өчүрүп коерун айткан. Ошол учурдан баштап Тамила андан акча ала баштаган. Ал банк аркылуу акча которуп, 2019-жылы сентябрь айында Россияда жүргөн жеринен 400 миң рубль жөнөткөн.

Россиядан келип, мурунку ордунда эт сатып иштеп жүргөндө Тамила кайрадан телефон чалып баштаган. Телефонду албай койсо, атасына чалып, «уулуңуз мага акча кырыз» деп айткан. Атасы «эмнеге бирөөдөн карыз аласың?» деп урушкандан кийин Тамиланын колуна 28 миң сом карматкан. Андан кийин 90 миң сомду Тамила жашаган жерге алып барып берген. 2021-жылы 29-майда Тамила Амирди өзү жашаган үйгө чакырып, эми акча талап кылбай турганын, Өзбекстанга дарыланууга кетип жатканын жана 200 миң сом керек экенин айткан. Ал бул каражатты тез арада таап берүүнү талап кылган. Тамила эшикти ичинен бекитип алганда бул суммадагы акчасы жок экенин билдирген. Тамиланын апасы «эгер анча акчаң жок болсо, 130 миң сом берсең, ушул жерден бүтүрөбүз» дегенде дароо 80 миң сом берип, калганын 2 күндөн кийин такси аркылуу жөнөтөрүн айткан. Ал 2 айдын ичинде Тамилага жалпы 600 миң сом берген. Ал эми 2017-жылдан тарта 2 млн 854 миң 150 сом бергенин айтты.

Амир бул окуя боюнча милицияга кайрылган эмес. Анын айтымында, Тамила кыз болгондуктан аны каматкысы келбей, үй-бүлөсүнө жана туугандарына сөз болбоюн деп коркуп, талап кылган акчаны берип жүргөн. Ал Тамиладан карызга акча албаганын айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп, келтирилген материалдык зыянды толук өндүрүп берүүнү суранды.

Амирдин атасынын айтымында, уюлдук телефонуна бейтааныш кыз чалып, уулу 50 миң сом акча карыз экенин айткан. Ал уулу мынча акча карызга албай турганын айтып, телефонду коюп койгон. Бул учурда Амир Россияда болчу. Андан кийин дагы бир адам келип, Амир Аравандагы тууган карындашына 100 миң сом карыз экенин айткан. Бул адам анын үйүнө 3-4 жолу карыз доолап келген. Уулуна телефон чалып, окуя тууралуу айтып бергенде ал эч кимге карыз эмес экенин билдирген.

Ал эми 2021-жылы өзүн Ош шаарынын тургуну катары тааныштырган кыз телефон чалып, уулу аны менен нике кыйдырып, аны кароосуз калтырганын, айыл башчыга арызданарын айткан. Бул сөздөрдү жубайы угуп калып, аталган кыз менен уруша кеткен. Ал кыз ошол бойдон телефон чалган эмес.

Ошондой эле сот отурумунда башка күбөлөр да суралды.

Жыйынтыгында сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин чыгарды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE