Пример HTML-страницы

Сокулуктагы фермер Адыл 5 уйдан күнүнө 70 литрге чейин сүт алууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Токбай айылынын 36 жаштагы тургуну Адыл Жээнбеков саан уйларды багууда. Анын бул уйларды багып баштаганына бир жыл болду.

«Ишти былтыркы жылы апрель айында баштагам. Азыр 13 баш уй бар. Анын бешөөсүн сайбыз. Күнүнө 70 литрге чейин сүт алам. 5 уй голштин, калган 5 уй швиц жана «Красная» датская» породасындагы уйлар бар. Чыгым жакшы эле кетет. Орто эсеп менен алганда, бир айга бир уйга 180 кг жем, 20-25 түк чөп кетет. Негизи саан уй багып, кармаган абдан оор экен. Түйшүгү көп. Канча берсеӊ, ошончо жей берет. Жакшы жүрүп эле ооруп калат. Мал доктур чакырасыӊ. Ал келип, ар кайсы диагноздорду коет, анан дарысына акча кетет. Азыркы баа менен өзүн актабай жатат», — деди ал.

Фермер эл арасындагы «таза сүткө суу кошот» деген сөзгө карата өз оюн айтты.

«Кышында баа жакшы эле көтөрүлдү. 38-42 сомго чейин алып жатышкан, жашыл чөп чыгары менен бааны түшүрүп салышты. 28 сомго чейин түшөт экен деп угуп жатабыз. Албетте, сүттү кайра иштеткен ишканалардын түйшүгүн, алар келтирген аргументтерди да түшүнсө болот. Бул жерден ортомчулар бузуп жатат деп ойлойм. Алар: «Сүткө сууну эл кошуп жатат» десе, эл: «Ортомчулар кошуп жатат» дейт. Негизи бизден таза сүт алып кетишет. Мен такыр суу кошпойм. Убалдан корком. Анын пайдасы, акчасы көп көрүнгөнү менен берекеси жок болот. Буюрбайт. Аз акча болсо да ак эмгек, маӊдай териӊ. Таза азык сатсаӊ, ошунун берекеси чоӊ болот.

Чынында азыркыдай арзан баа менен эл кыйналып калды. Саан уйду кармабай калышыбызда мүмкүн. Түйшүгүн билген адам гана түшүнөт. Биздин оюбуз боюнча завод менен өзүбүз келишим түзүп, алар өздөрүнүн сүт ташыган унаасын жиберсе, ортомчуларсыз эки жакка теӊ пайдалуу болмок. Уй баккан фермердин баарынын ою ушундай болсо керек», — деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Телефон номурун Turmush басылмасына катталуу менен ала аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE