Пример HTML-страницы

Сокулуктагы айылды кыдырган «электрикти» кармап кетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы жаңы конушта өзүн «Түндүк электр» ишканасынын кызматкери катары тааныштырып, үйлөрдү кыдырган жаран кармалды.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 10-июнунда күндүзгү саат 12:00 чамасында Алтын-Ордо жаңы конушунун жергиликтүү тургундары өзүн ишканалардын биринин кызматкери катары тааныштырган киши келгендиги тууралуу маалымат беришкен. Ошондой эле, аталган адамдын башка бирөөнүн мүлкүн уурдоого байланышкан кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экендиги да айтылган.

Бул маалыматты тактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада аталган адамдын өздүгү такталып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. 1990-жылы туулган А.К. мурда башка бирөөнүн мүлкүн уурдоого айыпталып, соттолгондугу аныкталган.

Учурда А.К.нын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун аныктоо үчүн ал тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE