Пример HTML-страницы

Сокулукта курулган вирусологиялык лаборатория кандай шартта иштеп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунун борборуна вирусологиялык лаборатория курулган. Алгач Бишкекке салуу планы кийин өзгөртүлүп, Сокулук районуна жайгашып калган лаборатория кандай иштеп жатат? Бул мекеме менен аймактык кабарчы жеринен таанышып келди.

Район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Эмилбек Жанарбековдун айтымында, лабораториянын ордунда мурда чарба имараттары жайгашкан.

«Гараж, көмүркана жана башкалар бар эле. Бирок, эскилиги жетип авариялык абалга келип калган. Лабораторияны Ислам өнүктүрүү фондунан акча каражаты бөлүнүп, ошонун негизинде куруп алдык. Анда имараттын курулушуна, медициналык жабдыктары, эмеректерине жалпы 46 млн сомдой каражат кетти.

Айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин мининстрлик жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте өзүбүз жасап алдык. Анткени ал сметалык эсепге кирген эмес.

Бул лабораториянын бир гана коронавирусту эмес, Вич инфекциясын, гипатитти аныктай турган шарты бар. Тактап айтканда, вирустардын түрүн аныктай алат. Буюрса элдерди кабыл алып, иштеп жатабыз. Жеке менчик лабораториялардан баасы эки эсе төмөн. Калктын аярлуу катмарларына жеӊилдиктер бар. Мисалы, биздин жарандар болсо, жаш балдарга, пенсионерлерге, 1-2-топтогу майыптарга бекер. Калгандары коронавируска анализ тапшыруу үчүн 845 сомдон төлөшөт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE