Пример HTML-страницы

Сокулукта «Эл аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Крупская атындагы айыл аймагында жайгашкан Сокулук райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда «Эл аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Крупская атындагы айыл өкмөттөн билдиришти.

Ачылыш аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—акимдин орун басары Эмил Орозбаков, Сокулук райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Венера Китаева жана башкалар катышты.

Дарыканада учурда 800дөн ашык дарынын түрү бар.

Мамлекеттик дарыканадагы дарылардын баасы башка дарыканаларга салыштырмалуу 15-20 пайызга арзан.

Иш-чаранын максаты — калкты сапаттуу дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыздоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE