Turmush — Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айыл аймагында 4 чакан ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга район башчысы—аким Илияз Ташкулов билдирди.
Анын айтымында, Төш-Булак айылында «Сокулук ГЭС-1» ЖЧКсы тарабынан ГЭС-1 курулуп жатат. Долбоордун наркы 5-6 млн доллар (планга ылайык), анда имарат жана жаңы канал камтылган.
ГЭС-1дин кубаттуулугу планга ылайык 3,5 МВтты түзөт.
Азыркы учурда курулуш иштеринде 35 адам иштеп жатат.
- Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Сокулук ГЭС-1» ЖЧКсы 17.08.2023-жылы кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү — гидроэлектростанциялардын электр энергиясын өндүрүү. Жетекчиси катары Жаанбаев Уланбек Абдисаттарович (коллегиялык учурда биринчи жетекчи) көрсөтүлгөн.
Ушул эле айыл аймактын Четинди айылынын түштүк тарабындагы Шавай аймагында «Импекс Трейд» ЖЧКсы тарабынан ГЭС-3тү куруу иштери жүрүүдө.
Учурда документтери толук даярдалууда. Долбоордун наркы планга ылайык 18 млн доллар, кубаттуулугу 6 МВтты түзөт.
- Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Импекс Трейд» ЖЧКнын башчысы катары Чилтенов Нурсултан Рыспекович (коллегиялык учурда биринчи жетекчи) көрсөтүлгөн. Негизги ишмердүүлүгү — гидроэлектростанциялардын электр энергиясын өндүрүү. Компания 22.11.2022-жылы кайра каттоо процедурасынан өткөн.
Туюк-Жер аймагында «Гидро Энерго Инвест» ЖЧК тарабынан ГЭС-4 курулуп жатат. Долбоордун наркы планга ылайык 4 млн доллар, анда имарат жана жаңы канал камтылган. Кубаттуулугу 4 МВтты (планга ылайык) түзөт.
- Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Гидро Энерго Инвест» ЖЧКсы 25.11.2019-жылы каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү — гидроэлектростанциялардын электр энергиясын өндүрүү. Жетекчиси катары Умарбаев Аскербек Турдубаевич (коллегиялык учурда биринчи жетекчи) көрсөтүлгөн.
Туюк-Жер аймагында «Сокулук ГЭС-3» ЖЧК тарабынан ГЭС-Туюкту куруу үчүн жол даярдоо жумуштары жүрүп жатат. Азыркы тапта көпүрө курулду.
ГЭС-Туюктун кубаттуулугу планга ылайык 4 МВтты түзөт. Долбоордун наркы 4 млн доллар (планга ылайык).
Азыркы учурда 10 адам иштейт.
ГЭСтерди ишке киргизүү 2025-2026-жылдарга мерчемделип жатат.
- Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Сокулук ГЭС-1» ЖЧКсы 11.09.2023-жылы кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү — гидроэлектростанциялардын электр энергиясын өндүрүү. Жетекчиси катары Чилтенов Нурсултан Рыспекович (коллегиялык учурда биринчи жетекчи) көрсөтүлгөн.
Буга чейин 2021-жылы 14-октябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Сокулук ГЭС-2нин ачылышы өткөн.
Сокулук ГЭС-2 1960-жылы ишке киргизилген. СССР тарагандан кийин ишин токтоткон. 2007-жылы ГЭСтин абалына талдоо жүргүзүлүп, ал реконструкциялоону талап кылары аныкталган.
ГЭСте 1,2 МВт болгон эки гидроагрегат жана 6300 кВАттык трансформатор бар. ГЭС жылына 11 миллион 895 миң 756 кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгышы керек.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.