Пример HTML-страницы

Саадат Туйгунова мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгын жетектеди

Акыркы жанылыктар

TurmushТуйгунова Саадат Насердиновна Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Буга чейин аталган кызматта Эрмек Окенов иштеп жаткан.

Саадат Туйгунова буга чейин аталган кызматтын бөлүмдөрүндө иштеп келген.

Эмгек жолу:

— 2023-жылдын 1-мартынан 2024-жылдын 1-апрелине чейин — Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы;

— 2022-жылдын 8-февралынан 2023-жылдын 1-мартына чейин — Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси;

— 2019-жылдын 22-апрелинен 2022-жылдын 8-февралына чейин — Мамлекеттик кадр кызматында башкы адис;

— 2012-жылдын 26-июнунан 2019-жылдын 22-апрелине чейин — Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында акимдин орун басары;

— 2007-жылдын 27-ноябрынан 2012-жылдын 26-июнуна чейин — Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында социалдык сектордун башчысы;

— 2007-жылдын 17-январынан 2007-жылдын 27-ноябрына чейин — Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис;

— 2002-жылдын 27-январынан 2007-жылдын 27-январына чейин — Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында 1-категориядагы адис;

— 1998-жылдын 20-майынан 2002-жылдын 26-ноябрына чейин — «Данакер» ЖЧКда башкы бухгалтер;

— 1997-жылдын 1-февралынан 1998-жылдын 16-майына чейин — Кашка-Суу айыл өкмөтүндө кассир, бухгалтер;

— 1996-жылдын 16-майынан 1996-жылдын 29-декабрына чейин — Чоң-Алай айыл өкмөтүндө статист;

— 1992-жылдын 1-январынан 1996-жылдын 22-июлуна чейин — Дароот-Коргондо Агропромбанкта экономист.

——————————————————

Саадат Туйгунова — Чоң-Алай районунун мурунку акими Насердин Туйгуновдун кызы. Н.Туйгунов 2021-жылы көз жумган.

Насирдин Туйгунов 2021-жылдын 8-август күнү бардык тууган-урук, айылдаштарын чакырып, аш өткөргөн. Ашын өткөргөндөн кийи ошол күнү каза тапканы белгилүү болгон. Артында жубайы, 1 уул жана 5 кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE