Пример HTML-страницы

Сүрөт — Жумгал районундагы маданият үйлөрү (алардын абалы жана жетекчилери)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда 15 маданият үйү бар.

Turmush басылмасынын кабарчысы маданият үйлөрү жана алардын жетекчилери тууралуу маалымат топтоду.

1. Жумгал айылдык маданият үйү 1966-жылы негизделген. Жумгал айыл өкмөтүнүн имаратынын бир тарабында жайгашкан. 2019-жылы отургучтары жаңыртылган. Жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Жетекчиси — Шамбекова Айнагүл Анарбековна. Бул кызматта 2008-жылдан бери иштеп келет. 1976-жылы Жумгал районунун Куйручук айылында туулган.1992-1994-жылдары Бишкек шаарындагы №94 кесиптик окуу жайында билим алып, кийим тигүү адистигин алган. Учурда Токмок шаарындагы Насыр Давлесов атындагы Республикалык маданият жана искусство колледжинде 1-курста окуп жатат. Маданияттагы эмгек стажысы — 14 жыл.

2. Лама айылдык маданият үйү 2005-жылы негизделген. Имарат оңдоого муктаж, Жумгал айыл өкмөтүнүн балансында турат. Жумгал айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланат.

Жетекчиси — Алымбеков Мырзакул Зарылбекович, 1974-жылы туулган. Токмок шаарындагы Насыр Давлесов атындагы Республикалык маданият жана искусство колледжин аяктаган, кесиби менеджер. Маданият тармагындагы эмгек сатажысы — 17 жыл.

3. Кызарт айылдык Медербек Акимкожоев атындагы маданият үйү 1978-жылы түптөлгөн, 220 орундуу. Имараттын ичинде айылдык китепкана дагы жайгашкан. Жылытуу системасы жок. Жалпы аянты 350 чарчы метр. Ушул жылдын август айынын башында марафон уюштурулуп, оңдоо иштерине 1,2 млн сом акча каражаты чогултулган.

Маданият үйүнүн башчысы — Кастарбек уулу Алмаз, 1989-жылы туулган. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинен музыка мугалими менен кино режиссеру адистиктерин алып чыккан. Кино жаатында 2 жыл эмгектенген.

4. Куйручук айылдык маданият үйүнүн имараты 1963-жылы курулган, 350 орундуу. Жылытуу системасы жок, авариялык абалда. Жалпы аянты 707 чарчы метр. Штаттык бирдик — 3.

Маданият үйүнүн жетекчиси — Мурсалы Садыков, 1956-жылы туулган. Токмок шаарындагы Насыр Давлесов атындагы Республикалык маданят жана искусство колледжин аяктаган, кесиби менеджер.

5. Таш-Дөбө айылдык А.Темиров атындагы маданият үйүнүн имараты 2011-жылы курулган, 80 орундуу. Жалпы аянты 230,14 чарчы метр. Имараттын ичинде айыл өкмөтү да жайгашкан. Жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Штаттык бирдик — 3.

Жетекчиси — Шаршеке уулу Автандил, 1976-жылы туулган. Билими орто, учурда жогорку окуу жайда сырттан окуп жатат. Маданиятта эмгек стажысы — 7 жыл.

Дагы 10 маданият үйү бар.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE