Пример HTML-страницы

«Сүлүктүкөмүр» ЖЧКнын жетекчиси кайрылуу жасады (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Сүлүктүкөмүр» Тоо-кен иштетүү ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясын негизсиз алып койду. Мындай билдирүүнү бүгүн, 22-сентябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында аталган ЖЧКнын директору Замир Халпаев билдирди.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Сүлүктүкөмүр» Тоо-кен иштетүү ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Халпаев Замирбек Раимбердиевич, түзүүчүсү — «Нур Тумар» ЖЧКсы. Компания 2021-жылы 24-декабрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: күрөң көмүр казуу.

Анын айтымында, министрлик ЖЧКнын карьердеги кемчилдиги боюнча акт түзүп, бирок аталган акт менен тааныштырбай эле лицензияны алып койгон.

«Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуубуз бар. Биз 2020-жылы аукционго катышып, лицензияны 33 млн сомго сатып алган болчубуз. 33 млн сомду беш график менен 2021-жылга чейин төлөп бергенбиз. 2021-жылдын 14-декабрында өзүбүзгө каттап алганбыз. Карьерди алып, эми иштеп баштасак эле кыргыз-тажик жаңжалы башталып, иш токтоп калды. Кайра иштеп баштагандан кийин президенттин каты менен комиссия келип, 19 бузуу бар экенин аныктады. Анын 18ин калыбына келтирдик. Ал комиссия 2022-жылдын август айында келген болчу. Ошол жылдын сентябрында кыргыз-тажик жаңжалы болуп, кайра иштебей калдык.

Андан кийин шахтаны ачып берүү боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине кайрылганбыз. Алардын жергиликтүү инспекторлору келип, каталарыбызды оңдогонубузду көрүп, шахтаны ачып беришкен. Антип-мынтип, жумушчуларды толуктап, президенттин «Баткенге жеңилдик берилсин» деген жарлыгынын негизинде кайра иштеп баштаганбыз. Ошентип, жергиликтүү бийликтин тапшырмасы менен жаңжалда үйү күйүп кеткендерге бекер көмүр бердик. Араң бутубузга туруп жатсак, «пландан тышкары» деп кайра бизге ведомстволор аралык комиссия келип, 5 катаны оңдообуз керектигин айтышты. Алар «түнкү жарыктарыңар аз, шахтадан көмүр ташый турган жолуңар түз эмес экен» деп айтышты. Биз 1 айдын ичинде оңдоп коймой болгонбуз. Алар 1 айдан кийин кайра текшермей болгон. Бирок келишкен жок. Ошо боюнча карьерибизди жаап, лицензиябызды алып коюшуптур.

Каталарыбыз боючна акт түзүлгөнү боюнча мен Башкы прокуратурага барганда акты көрүп жатып билдим. Ал актта менин кол тамгам кантип коюлуп калганын билбейм. Кол тамганы мен койгон эмесмин. Бул иштерге үчүнчү тараптар да кызыгып жатат деп угуп жатабыз. Президенттен бизге көмөк көрсөтүүнү суранабыз. Биз келечекте 100-200 жана андан да көп жумуш ордун түзөлү деп аракет кылып жаттык эле. Көп айылдарга арзандатылган көмүр, айрымдарага акысыз берип жатканбыз. Биздин колубузда иштеген жумушчулар көмүр карьерге ишенип, насыя алып алышкан. Эми алардын жашоосу эмне болот?», — деген Халпаев маселени чечип берүүнү суранды.

Ал эми юрист, эксперт Жылдыз Кадырова аталган текшерүүдө көп мыйзам бузуулар бар экенин, лицензия соттун чечими менен гана алынышы керектигин билдирди.

Аталган көмүр карьерде иштеген шахтерлор Сүлүктү шаарында аталган көмүр шахтасынан башка жерде жумуш жок экенин, 55 адам жүздөгөн адамды багып жатканын, алардын банкттарда насыялары бар экенин, андыктан ал шахтаны кайра ишкерлерге берүүнү суранышты.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзмөл министрлигинин басма сөз кызматы аталган маселе боюнча ишкерлер административдик арыз менен министрликке кайрылышы керектигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE