Пример HTML-страницы

Робот жасап, аны кыймылган келтирген 18 жаштагы Жумабек өнөрүн окуучуларга үйрөтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунун тругуну Жумабек Пахтакун уулу робототехника боюнча окуучу, ошол эле учурда мугалим. Ал эмгектерин түрдүү фестивалдарга алып барып жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Жумабек Пахтакун уулу Ош шаарында өткөн «Креативдүү технологиялпрдын кербени» эл аралык фестивалына катышты.

«Жаш кезимден эле информатика сабагына кызыкчумун. Мугалим сабак берип жатканда көңүл буруп, ар бир өтүлө турган сабакты күтөр элем. Анткени ар бир жаңы тема жаңы ачылыштарды жасайт. Көбүнчө компьютерден программа түзүүгө жана робот жасоого умтулгам. 9-классты аяктап, өзүбүздүн эле райондогу кесиптик билим берүү мекемесине тапшырып, андан кийин билимимди өркүндөтүү үчүн К.Калдарова атындагы Кара-Кулжа райондук балдар-өспүрүмдөр чыгармачылык борборуна келдим. Ысакбек Маметов агай менен таанышып, ийримдерге келип жатып, агайдын колдоосу менен көп нерсени үйрөнүп, өздөштүрүүгө жетиштим.

Эң биринчи роботумду 2021-жылы жасап, «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз-2021» сынагына көргөзмөгө койгом. Бул сынак окуучулардын, жаштардын эл аралык сынагынын облустук этабында уюштурулган. Биздин чыгармачылык борбордон мен сынакка катыштым. Бул сынакта мен күткөндөн да жакшы жыйынтык болуп, 1-орунду алдым», — деди ал.

Анын айтымында, робот жасоодо ар кандай кыйынчылыктар бар. Мисалы, тетиктерди жасоодо же программа түзүүдө тоскоолдуктарга кабылат. Бир эле тетикти туура эмес жайгаштырылса, кайра бузуп, калыбына келтирүү керек. Ал эми роботту кураштыруу кыйынчылык жаратпайт.

«Роботту кыймылга келтирип, ар кандай түс берүүдөгү, башкаруудагы программаны иштеп чыгуу бир топ түйшүктүү. Жай отуруп, шашпай ар бир программага маани берип, кураштыруу керек. Мен бул фестивалга катышуучу, окуучу жана мугим катары келдим. Өзүм окуган борбордо жаш окуучуларга, робототехникага кызыккан балдарга агайымдан алган билимди берип келем. Бул жерде мен окуткан окуучулардын бири Акматов Ибрагим өзүнүн роботун көргөзмөгө койду. Устатымдан алган билим менен мен дагы кызыккан жаш өспүрүмдөргө устат болуп, шакирттеримди окутуп жатам. Учурдан пайдаланып, Ысакбек Маметов агайыма терең ыраазычылымды билдирем», — деди ал.

Жумабек Пахтахун уулунун мугалими Ысакбек Маметов К.Калдарова атындагы Кара-Кулжа райондук балдар-өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун робототехника ийриминин жетекчиси, мугалим болуп эмгектенет.

«Жумабек 3 жыл информатика ийримине катышып, компьютердин колдонмо программалык жаңы технологияларын толук үйрөндү. 2 жыл робототехника ийримине катышып, «Лего» үлгүсүндөгү роботтордон ар түрдүү техникалык моделдерди кураштыруу менен аларга компьютерден кыймылдуу программаларды түзүп, башкарууну окуп үйрөндү. Кийин 2021-жылы «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз-2021» аталышындагы облустук сынакта биринчи орунду алып, баалуу сыйлыктар менен сыйланган. Республикалык «Илим жана техника» аттуу онлайн сынакьа экинчи орунду жеңип, грамота, акчалай сыйлыктардын ээси болгон. Ошол эле окуу жылында Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмү жана райондук адмнистрациясынын баалуу сыйлыктары менен сыйланды. Азыркы учурда робототехника ийримине катышкан окуучуларга кураштырууда, программалык башкарууда чыгармачылык иш аракеттери менен жардам берип келүүдө», — деди Ысакбек Маметов.

18 жаштагы Жумабек үй-бүлөдө төрт бир туугандын эң кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE