Пример HTML-страницы

Президенттин Ысык-Көл облусундагы жаңы өкүлү Уланбек Далиев облус активине тааныштырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев облус активине тааныштырылды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Кызматка дайындоо буйругуна президент Садыр Жапаров кол койгон.

У.Далиев буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген.

Жаңы жетекчини жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тааныштырды.

Ал эми ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө жалпы активди бир команда болуп, облусту өнүктүрүүгө салым кошууга чакырып өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE