Пример HTML-страницы

Президент Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги жаңы ат майдан кандай болорун айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushВоенно-Антоновкадагы жаңы салына турчу ат майдан 215 гектар аянтты ээлеп, жалпы 30 миң орундуу болот. Бул тууралуу Ноорузга карата өткөн көк бөрү боюнча республикалык турнирдин финалдык турунда президент Садыр Жапаров билдирди.

«Бул ат майдан борбор шаарыбыздын батыш тарабында жайгашкан. Жери шаардагы тургундардын тынчын албаш үчүн, тоскоолдук жаратпаш үчүн каралган. Күлүктүрдү 1600-2000 метрге чабуунун смехалары чийилген.

Ошондой эле ат майданда кафе-ресторан, соода түйүндөрдү куруу жана башка шарттарды түзүү каралган. Ал тургай, көмөкчү чарбалар, устаканалар, мал доктурлардын имараты жана башка ушул сыяктуу жайлар да салынат», — деди ал.

«Нооруз—2024» көк бөрү турниринин финалдык туру жаңы курула турган ат майданда өттү. Жогорку лигада «Достук» менен «Ынтымак» командалары беттешти.

Ал эми саат 13:30да биринчи лигада «Намыс» менен «Кара-Кулжа» командалары беттешти.

Аймактык кабарчы жеринде билдиргендей, республиканын булуң-бурчунан күйөрмандар келип, Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун жээги автоунааларга толду.

Ат майданда миңден ашык көрүүчү болду. Ал жерге президент Садыр Жапаров дагы келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE