Пример HTML-страницы

Подполковник Карабаев бетин ачкан кылмыштар

Акыркы жанылыктар

TurmushМилициянын подполковниги — Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтүнүн 83 жаштагы тургуну Рахман Карабаев учурда ардактуу эс алууда. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде балалыгы, башынан өткөргөн оор күндөр, кызмат учурунда кабылган урунттуу учурлар тууралуу баяндап берди.

Мени бирөөгө берип, кайра сатып алышыптыр

Атам Карабай жашынан ата-энеси өлүп, эжеси турмушка чыкса, Папанга ээрчип кетип, ошол жакта чоңоюптур. Үйлүү-жайлуу болгондон кийин Көк-Белге келип отурукташкан. Атам катардагы эле жумушчу болуп иштеген, апам саанчы болгон. Апамдын биринчи күйөөсү каза болуп калып, эки кызы менен менин атама турмушка чыгат. Атам өтө боорукер адам болгондуктан, аларды өгөйлөбөстөн өзүнүн атына жаздырып, өз кыздарындай көрүп, тарбия бериптир. Менден мурда эки кыздуу болушуп, алар 3-4 жаштарында эле чарчап калышыптыр. Андан кийин 1940-жылы мен төрөлгөм. Мурдагы кыздары турбагандыктан жалкып, ырым кылып, төбөмө чач коюп, башка бирөөгө убактылуу берип, кайра сатып алгандай болушкан.

Апамдын айтуусу боюнча, өтө көп ооруган экенмин. Эмчи-домчуларга көрсөтүшүп, айылдагы молдого окутуп, дем салдырып эле басып жүрчү экен. Алсыз жана арык болгондугумдан «бул балабыз да жашап кете албайбы?» деп сыздап жүрүшүптүр. Айрыкча апамдын көз жашы тыйылбай, Кудайдан менин өмүрүмдү миң жолу тилешкенин көп айтаар эле.

1954-жылы эжем Бусайра 27 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду. Беш перзенттүү болгон, бирок бир жашка жетпестен эле чарчап калып жатышты. Эжемдин өткөнүнө апам аябай кейип, күйүттөн күйүп эле калгандай болгон.

Ошол кезде атам да ооруп, төшөктө жатып калган, «кагын болуп калыптыр» дешкен. 19-ноябрда мектептен келсем, үйдүн алдында эл топтошуп калыптыр. Бир нерсени сезгендей, жүрөгүм шуу дей түштү. Атам болгону 57 жашта эле. Ошентип 20 күндүн ичинде эки жакын адамыбыздан айрылып, отуруп калганбыз. Мурда өлгөндөргө аялдар тетири карап отуруп алып, кошок айтышчу. Кошок таппаса, «тастайып отурганын кара, каны ката элек, кызылы бата элек» деп наалат айтышчу. Ар бир келген батачыларга апам кошок айтып отурган.

Алардын кээ бирлери эсимде:

Атасынан айрылган,

Жаш балдарым жетилээр.

Жалпыга башы кошулаар,

Жетилгиче эс кетээр,

Тууган кетер, дос кетер.

Эсен болсо элибиз,

Эптеп-септеп күн өтөөр…

Алийманын кошогу деп кээ бирөөлөр ырдап жүрөт деп укканым бар. Апам аткандай эл-журт бар экен, алардын жардамы менен өтө эле кыйынчылык тартпадык. Эки өлүктү бирдей көмүш кыйын экен. Апам көп ыйлачу, айрыкча жаш өтүп кеткен кызын эскерип. Ошондон кийин көзү да жакшы көрбөй калган.

Ошону менен бирге үй тиричилигинин сырткы азабы да мойнума түштү. Апам оорулуу, өзү да бүргөдөй кичине аял. Айылдагы аялдар менен урушса, «кодоо» дешээр эле. Апамдын бою кичине болгону менен өтө тырышчаак, намыскөй, сарамжалдуу, чебер аял эле. Көп ооручу, бирок эч кандай дары ичпестен, туз салбастан кордо ичип, дарыланып алчу. Сергектигине таң калчумун. Түнү кайсы убакта болсо да «апа» десем, дароо жооп берет эле. Атам өлгөндөн кийин эмгек стажы бир жыл кем экен деп жөлөк пул да беришкен эмес. Апам иштей албайт, кыскасы сырттан бир сом да киреше болбогон. Эптеп жашап жүрдүк, совхоз эгинден, тоюттан жардам берип турду. Албетте, каалаган кийимди кие албадык, каалаган тамакты иче албадык, бирок ач-жылаңач да калбадык. 7-8 кой-эчки, бир саан уюбуз бар эле, ошолордун төлүн жылда пайдаланып жүрдүк.

Мектепти жакшы окудум, бирок…

Орто мектеп болбогондон кийин 7-классты бүткөндөрдүн анча-мынчасы гана башка жакка барып, окуусун улантпаса, көпчүлүгүндө андай мүмкүнчүлүк жок болчу. Ошол себептен мыкты окугандар айыл арасында билинбей калып кеткен. Кээ бирлер гана Оштогу айыл чарба техникумуна же Кызыл-Кыядагы тоо техникумуна барып окушкан.

Жетинчинин күбөлүгүн алгандан кийин Папанда орто мектеп-интернаты ачылып калып, төрт классташ ошол жакка барып, бир жыл окуп келдик. Мен андан кийин совхоздун койлорун, асыл тукум тайларын багып, эки жылча жүрүп калдым. 1958-жылы Көк-Белде Ломоносов орто мектебинин филиалы ачылып, кайрадан 9-класстан баштап окууну уланттым. Бизден кийин окуган балдар менен бирге окуп калдык. Алардын арасында Насирдин Исанов да бар эле. Ал чындыгында бардык сабактардан эң жакшы окуган, тартиби да жакшы болчу. Мен географияны, тарыхты, орус-кыргыз тилдерин жакшы билет элем. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгүнүн борбор шаарларын жатка айтып берчүмүн. 10-класстан баштап райондук «Колхозчу» гезитине кабар жазып жүрдүм. 1959-жылы айыл чарба өндүрүшүнүн мыктыларын чагылдырган очерк боюнча сынак жарыяланган. Мен да катышып, балкар улутундагы саанчы Чипчикова Хусейфат жөнүндө «Эмгекке өжөр саанчы» деген очерким жарык көргөн. 1960-жылы февралда жыйынтык чыгарылып, 2-орунду алып, 200 сом сыйлык беришкен. Айтып кете турган нерсе, болгону 2 гана очерк жарыяланган. Анын бири Таш Мияшевдин иниси, ошол кезде Ломоносов орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Абдилда Мияшевдин очерки эле.

Орто мектепти ийгиликтүү бүтүрдүк. Насирдин Москвага, дагы 5 классташым Фрунзеге кетишти. Менин шартым жок, тактап айтканда каражат болбой, көзүм күйүп кала бергем. Айылда жакшы окуганымды билишет эле, ошол себептен окуу бүтөөрү менен бөлүмдүн башчысы мени каттоочу кылып алды. Менин милдетим иштегендердин аткарган жумуштарынын эсебин алып, наряд жазуу болгон.

Апам өзү оорулуу болуп жүргөн. Доктурларга такыр кайрылбаган. Анын үстүнө аларды жактырчу эмес, 3 кызы, абышкасы ооруканага барып, жакшы боло албастан кайтыш болгон үчүн ошолорду күнөөлөчү. Өзү ооруп калса, «сууктук» эле иче берет эле. Күрүчтү кайнатып, ага бир-эки кашык айран катыктап ,туз салбастан иче берчү. Башка эч нерсе жеп-ичпейт эле. Аябай сабырдуу болчу, ал түгүл «кыргызга сууктук жагат» деген сөздү көп айтат эле. Оор жумуш кыла албастан, айрыкча нан жапканда өтө кыйналып калчу. Ошол да себеп болду. Экинчиден, келечегибизди ата-энелерибиз биз кичине кезде эле макулдашып коюшкан экен. 1961-жылы май айында жубайым экөөбүз баш коштук. 1962-жылы июнь айында тун кызыбыз Бубайша төрөлдү.

Апаңды аялың багат

Мурда бага тургандары жок болсо, аскерге албастан кийинки жылдарга (отсрочкага) калтыра берген. 1963-жылы күзүндө «апаңды аялың багат» деп мени аскерге алып кетти. Белгилей турган нерсе, ошол жылдары отсрочка алгандардын баарын жиберишкен. Адилбек деген досум «айылда балдардан эч кимиси калбады, баары армияга кетти. Мен уялганымдан көчөгө баса албай калдым» деп кат жазганы эсимде. Себеби согуш жылдары өлкөнүн Европа бөлүгүндө балдар аз төрөлүп, пландар толбой, Орто Азия, Кавказ, Казакстандан көп алып жатышыптыр.

Украинада Харьковго жакын жерде ракеталык дивизиондо кызмат кылдым. Мен сулуу жазгандыгымдан, дубал гезиттин редколлегиясынын мүчөсү элем. Бир жолу биздин дубал гезитти дивизиондун штабынын башчысы, капитан Шадрин көрүп калып, мени штабга катчылыкка (писарь) алып кеткен. Документацияга болгон тыкандыкты, ар бир тапшырманы өз убагында аткарууну, темирдей бекем тартипти ошол жактан үйрөнүп келген элем.

1966-жылы сентябрда Советтик армиянын катарынан бошоп келдим. Октябрь айында №44 жылкы заводунун комсомол уюмунун отчеттук-кайра шайлоо чогулушу болуп, мени катчылыкка шайлашты.

Менден мурда комсомол комитетинин секретары болуп чарбанын башкы агроному Абдилда Галатов иштептир. Комсомол уюмунун ишинде алгылыктуу иштер болбоптур. Мага тийиштүү кагаздарды тапшырып жатып, Абдилда «Рахман, мен чындыгында комсомолдун иши боюнча эч нерсе жасай албадым. Менден райком, совхоздун директору эгиндин, картошканын, тамекинин, тоюттун пландарын сурайт экен. Өзүң аракет кылып, системага салып алаарсың», деп мыйыгынан күлүп койду.

Совхоздо комсомолдун канча мүчөсү бар экендиги жөнүндө да так маалымат жок экен. Адегенде үч бөлүмдөгү Комсомол уюмдарынын чогулуштарын өткөрүп, катчыларын башкадан шайладык. Андан кийин ошолор менен бирге үйлөрдү кыдырып, тизмени тактадык. Ал кезде комсомолдо болуунун жогорку жашы 28 болсо, отуздан ашып кеткендер да мүчө болуп жүрүптүр. Анча-мынча келиндер баатыр эне болоюн деп калышыптыр. Кыскасы бир топ кыйынчылыктар менен баарын тактап алдык. 1967-жылы союз боюнча комсомолдук билеттерде биздин совхоз ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу комсомолдун райондук комитетинин алмаштыруу компаниясын пленумунда белгиленди.1968-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алындым. 1968-жылы ноябрь айында КПСС Борбордук комитетинин «Милиция органдарын партиялык жана комсомолдук кадрлар менен чыңдоо» боюнча токтом чыгып, ошонун негизинде Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө кызматка мага буйрук чыккан. Ошентип мен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүндө паспорт столунун жетекчиси болуп иштей баштадым. 1971-жылдын май айында СССРдин Караганда шаарындагы милициянын Жогорку мектебин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып келдим. 1973-жылы тергөө кызматына өттүм.

Көрүстөн четиндеги өлүм…

1976-жылы күздүн башында Ленин райондук (азыркы Ноокен) ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына буйрук чыгып, 14-сентябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Белов мени алып барып тааныштырды. Ал кезде Базар-Коргон да Ленин районунун карамагында эле. Территория аябай чоң, Сузак районунан баштап Таш-Көмүр шаарындагы көпүрөгө чейин. Андан башка Үч-Коргондогу Кызыл-Жар совхозу да Ленин районуна караган. Андан тышкары Өзбекстандын Пахта-Абад, Пайтуг, Үч-Коргон райондору менен чектеш.

Райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Акун Дүйшеев деген менден жашы улуураак адам экен. Ушунчалык чоң район болсо да, эки гана оперативдик кызматкери болгон. Транспорт деген жок, соттук-медициналык экспертиза Таш-Көмүрдө, Жалал-Абадда, автотехникалык жана башка экспертизалар Ошто, криминалисттик-техникалык жабдуу менен камсыз болуусу начар, кыскасы абал суктанаарлык эмес болчу. Шымаланып иштөөгө туура келди.

Мен баргандан кийин 10 күндөн кийин Базар-Коргондо адам өлтүрүү болду. Окуя болгон жерге барып көрсөм, көрүстөндүн кароолун чочкону мууздагандай союп кетишиптир. Ыкчам топту чогултуп, ошол жердеги участкалык инспектордун кабинетин штаб кылып иштей баштадык. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, протоколду өзүм түздүм. Себеби ал кезде аларга тийиштүү болгон прокуратуранын тергөөчүсүнүн тажрыйбасы өтө аз экен.

Өлгөн адам жашы элүүдөн ашып калган, фамилиясы Хашимов, өзбек улутундагы адам. Үй-бүлөсү жок, аты эсимде калбаптыр. Көрүстөндүн четиндеги жапыз үйдө жалгыз жашайт, көрүстөнгө да кароолдук кылат экен. Курман айт күнү болчу. Өлүк дене үйдөн чыга бериште 30 метр аралыкта жатат. Мууздалгандай, бирок толук эмес. Кан ал жашаган үйдөн, денеси жатып калган жерге чейин агып келген. Белине байланган чарчыда илинген улуттук бычактын кыны, бирок бычагы жок. Үйдүн ичиндеги сөрүдө толтура нан, боорсок жана башка азыктар. Бир бөтөлкө арак, жарымы ичилген, гүлдүү чай пияла да бар. Бөтөлкөнү, пияланы экспертизага жөнөттүк.

Дароо эле орус улутундагыларды күмөндөй баштадык. Жүрүш-турушу начар, мурда соттолгондор жана ичимдикти көп ичип жүргөндөрдү изилдей баштадык. Өлүктү райондук мейитканага жиберип, экспертти Таш-Көмүрдөн чакырдык. Ошол жерде «бул оор кылмыш мен үчүн чоң сыноо. Адам өлтүрүү ал кезде сейрек болот эле. Ушул кылмыштын ачылышы же ачылбай калышы менин ошол жерде иштешиме оң же терс таасирин тийгизет» деп ойлонуп, ушул ишке бекем турдум.

Кылмыш издөө бөлүмүнүн эки кызматкери, бир участкалык инспектор, жаш балдардын иши боюнча бир участкалык инспектор, төрт милиционер менен ыкчам топ түздүм. Баарын тең үйлөрүнө жибербей койдум, бул кээ бирлерине жаккан жок. Бирок аргасыздан баш ийишти. Кичине эле күмөн болсо, алып келип жатышты, баарын өзүм сурак кылып жаттым. Opyc улутундагыларга эч жакындаша албадык. Аргасыздан башка вариантка өттүк.

Жабырлануучунун жеке жашоосун да изилдей баштадык. Ал жалгыз жашаган. Мурда эки жолу үйлөнгөн, бирок аялдары тез эле кетип калган. Өтө сылык, кичи пейил, бардык адамдар менен жылмайып сүйлөшкөн. Бардыгы менен эле жылуу мамиледе болууга аракеттенген. Өзүнөн бир топ кичүүлөр менен жакын болууга умтулган киши экен. Ушул жыйналган маалыматтардан улам мага жабырлануучу кызтеке (пассивдүү гомосексуалист) эмеспи деген пикир пайда боло баштады. Менин пикирим боюнча, акырын иликтей баштадык. Өзбек, кыргыз улутундагылардан «жабырлануучунун жанагыдай өнөрү бар экендиги боюнча уккандары барбы?», деп сурасам, эч нерсе айтышпады. Андай маалыматтарды айтуудан кээ бири тартынышса, кээ бири уялат эмеспи. Ошондо мен Базар-Коргондо көп жыл жашаган, жергиликтүүлөр менен аралашып кеткен, чайканада көп отурган, жергиликтүү тилди жакшы билген орус улутундагы улгайып калган адамдарды чакырып, сүйлөшө баштадым. Алар билгенин жашырбай айта турган мүнөздөрү бар экендигин орустар менен кошо өсүп, жакшы билчүмүн. Аларды күмөндүү эмес, ушундай оор кылмыш болгондо эски патриот катары жардамдаша турган кадырлуу адамдар катары сыпаттадым. Ичкендерине вино да куюп бердим да, кызыккан суроолорду бере баштадым. Мен кызыккан 4-5 адам экен. Экөө эч нерсе айта албады. Эртеси түштөн кийин үчүнчүсү — 65 жаштардагы адам жабырлануучунун гомосексуалист экендигин айтып берди. Райондун борборуна телефон чалып, милициянын нөөмөткерине өлүктү көрүп жаткан судмедэкспертиза мени менен тез байланышуусу керектигин айттым. Эксперт өлүктү көрүп бүтүп койгон экен. Мен ага кийинки маалыматты айттым. Ал жарым сааттан кийин мага жабырлануучунун чынында эле «ошондойлордон» экендигин билдирди. Мен дароо жеңилдей түштүм, себеби иликтөө ишибиз мурдагыдай көп багытта эмес, бир багытта жүрөт эле.

Хашимовдун ошол күндөгү жашоосун толук текшере баштаганыбызда, ал анча-мынча киного кирип, бирок көпчүлүк учурда аягына чейин көрбөстөн бирөөлөр менен чыгып кетип жүргөндүгүн далилдедик. Ошол окуя болгон күнү кечинде Базар-Коргондогу жайкы кинотеатрда кино көрсөтүлгөн. Контролер кыргыз келин экен, аны чакыртып окуя жөнүндө айтып, «жабырлануучу киного киргенби?», деп сурадым. Сүрөтүн көргөндөн кийин ал кишинин анча-мынча киного кирерин, бирок аягына чейин көрбөстөн кетип каларын айтты. Ошол күнү да Хашимов киного киргенин, бирок жарымынан бир жашыраак өзбек жигит менен чыгып кеткендигин айтты. «Сен муну кандайча эстеп калдың?» деп сурадым. «Улгайып калган адамдар киного өтө сейрек киришет. Хашимовду ошондуктан эстеп калгам» деп жооп берди. Кошо чыгып кеткендин атын айта албады, бирок жергиликтүү өзбек улутундагы жигит экендигин сүрөттөп айтып берди, муну алардын сүйлөшкөнүнөн улам билген.

Сыртка чыгып кеткенден кийин кайда барышы мүмкүн? Албетте Хашимов жашаган үйгө барышат деген ойго келдим. Ал жакка баруучу жол бийигирээк жайланышкан, коомдук тамактануу жайларын аралап өтөт. Андан ары бетон тепкичтер менен төмөн түшүп, оң жакка бурулуп, Хашимов жашаган үйгө барылат. Кеч ашканалар жабылат, бирок пахта терим кызыган мезгилде чайханалар түнкү саат 23:00гө чейин иштей берет эле.

Чайханачы менен сүйлөштүм, ал Хашимовду тааныйт экен, менин суроомо ал Сатыбалдиев (аты эсимде калбаптыр) деген жигит менен келип бир пияланы «кайра алып келип берем» деп алып кеткендигин айтты. Сатыбалдиевди издедик, ал анча алыс эмес жерде жашайт экен. Бирок Сатыбалдиев үйүндө жок экен, ата-энеси Пахта-Абадга кеткенин айтышты. Аны үч күндөн кийин кармадык. Дароо райондун борборуна алып барып, суракты өзүм жүргүздүм.

Качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай дейт дегендей, адегенде эч нерсени мойнуна албады. Колунун издерин алдырдым, ошол күнү кийген көйнөгү менен шымын алдырдым, жууп, кургатып койгон экен. Бул да кошумча күмөн болду. Булардын бардыгын экспетизаларга участкалык инспектор өз колу менен алып барып, тапшырып келген болчу. Эки сутка жатты, ага чейин судмедэкспертизанын, дактилоскопиялык экспертизанын корутундулары даяр болуп калды. Пиялада Сатыбалдиевдин колунун издери бар экендиги далилденди. Экспертизалардын корутундулары менен таанышкандан кийин Сатыбалдиев мойнуна алууга аргасыз болду. Кийин алынган биологиялык экспертизанын корутундусунда анын кийимдеринде өлгөн Хашимовдун канынын тактары бар экендиги да далилденген эле. Сатыбылдиевдин айтуусу боюнча, Хашимовдун өтүнүчү менен киного киришет. Бирок бир аз көргөндөн кийин Хашимов чай ичүүгө чакырган. Сатыбалдиев макул болуп, экөө чыгып кетишет. Кетип бара жатышып чайханадан пияла алат. Хашимовду мурда көрүп жүргөн, жолугуп калганда өтө жакын тааныбыса да жылмайып, жылуу учурашып жүргөн. Үйгө келгенден кийин жарым шише аракты ичишкенден кийин Хашимов кыйшалаңдай баштайт. Сатыбалдиевге «үка, мени ыраазы кылып коюң» деп жабыша баштайт. Сатыбалдиев макул болбойт. Анын айтуусу боюнча, мындай иштерге барган эмес. Кетмекчи болгондо Хашимов жолун тороп, «макул болбосоң өлтүрөм» деп, белбоосунда илинип турган улуттук бычакты кынынан сууруп, урмакчы болот. Бычак кармаган колун кагып жибергенде, бычак жерге түшөт. Экөө тең бычакка ынтылышат, бирок Сатыбалдиев мурда алып, ага асылып жаткан Хашимовго шилтегенде тамагына тиет. Сатыбалдиев качып чыкканда артынан 30 метрче жан талашып барып, жатып калган. Сатыбалдиев мойнуна алгандан кийин бычакты чаркардын (сарай) шыбына бекитип койгон жеринен алып берди.

Ушинтип оор кылмыштын бетин ачып, биринчи сыноодон абийир берип, ийгиликтүү өттүм. Ошондон кийин кээ бирлердин мага болгон сынагандай кытмыр көз караштары өзгөрдү. Себеби менден мурда Аралов деген өтө тажрыйбалуу, билимдүү майор иштеп кеткен экен.

Жигити зордуктаган кыздын өлүмү, прокурор менен тиреш

Мындан башка дагы бир эсте каларлык, мен ак жерден күйгөн ишти айтып кетмекчимин. 1977-жылы июнь айында Арстанбап тарапта Кызыл-Үңкүр дарыясында 19-20 жаштардагы кыздын өлүгү табылган. Ыкчам топ менен барып, сөөктү дарыянын аркы өйүзүнөн берки өйүзүнө өтө кыйынчылык менен алып өтүп, өлүкканага алып келдик. Келишимдүү, адам суктанаарлык сулуу кыз экен. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча, зордукталыптыр. Ишти прокуратуранын тергөөчүсү жүргүзүп жатты. Биз кыздын өздүгүн тактагыча бир нече күн өтүп кетти. Дене сасып, болбой калганда ошол эле Масы айылында 15 суткага жаткандарга көр каздырып көмдүрдүк.

Кийин тактадык, ал кыз Жаңы-Жол районунан экен. Кимдер менен келип, кайсы жерлерде жүргөнүн далилдедик. Өзүнө эле тааныш жигит менен келиптир. Ал кыз өзү да жеңил мүнөздүү экен. Тааныш жигити зордуктаптыр, аны 10 күндөн кийин кармап келдик. Прокурордун тергөөчүсү сурак кылгандан кийин турган жеринен эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алып, бошотуп жиберишкен экен, анысын деле билбептирбиз. Бирок ал жигит кийин келбей коюптур. Кайрадан бизге аны кармап келүү боюнча атайын тапшырма келди. Биздин кыматкерлер барып, таппай келишти. Тоого чыгып кеткен экен, ошол жакта жашырынып жүрүптүр. Кылмыш иштин эки айлык мөөнөтү бүтүп, тергөөчү бытырай баштады. Пахта сезону кызуу жүрүп, милиция кызматкерлери жетишпей жаткан мезгил эле. Ошентип прокурордун тергөөчүсү менен айтышып кеттим. «Колуңарга салып берген адамды кетирип жибересиңер да, эми кызматкерлер жетишпей жаткан учурда таап кел дейсиңер же жакын болсо экен. Ал Жаңы-Жолдун тоосуна качып чыгып кетиптир» дедим. Бирок октябрь айынын аяк чендеринде кармап келип, камадык. Ошол жылы пахтанын түшүмү жакшы болуп, Ленин району пландагы 77 миң тоннанын ордуна 81 мин тонна берип, планды гана эмес, милдеттенмени да 20-октябрга чейин эле аткарып, колубуз бир аз бошоп калган элек. Ноябрдын башында отпуск алып, Ноокатка келе бердим.

25-ноябрь күнү жумушка чыктым. 27-ноябрь күнү башчы экөөбүздү Ош обкомунун бюросуна чакырышты. Эмне маселе экендигин да билгенибиз жок. Төртүнчү кабатта кичи залда өтөт экен. Узунунан коюлган столдун эки тарабында бюро мүчөлөрү, башында обкомдун биринчи катчысы отуруптур. Катчысы Султан Ибраимов.

Күн тартибинде бир нече маселе бар экен. Бизге тийштүү маселеде обкомдун бир бөлүмүнүн (менимче парткомиссия болсо керек) башчысы Калыкова деген аксакал аял маалымат берди. Ошондо билип жатам жанагы суудан өлүгү табылган кыз боюнча экендигин. Калыкова текшерүүгө барганда мен отпускада элем. Справкада «обкомдун текшерүүчүлөрүн тоготпостон, чакырса келбей койду, прокурордун тергөөчүсүн тилдеди, атайын тапшырмаларды өз убагында аткарган эмес, өз кызматтык милдеттерине жоопкерсиздик менен мамиле жасайт жана башка», деп кыскасы мени мокочо кылып коюшуптур. Жоктугумдан пайдаланып, прокуратура мени аябай жамандап, өздөрүнүн айыбын мага оодарып салышыптыр.

Мени трибунага чыгарышты, бюро орус тилинде өтөт экен. Болгон ишти түшүндүрүп айтып, Калыкова түзгөн обкомдун справкасы туура эмес экендигин да белгилеп койдум. Кийин билсем, ушунум туура эмес болуптур, обкомдун кызматкерлерин сындабаш керек экен.

Ибраимов мага үстөккө-босток суроолорду бере баштады, мен жооп бере бердим. Справкада көрсөтүлгөндөрдүн көпчүлүгү туура эмес, биз аракет кылып кылмышкерлерди кармап келгенбиз, азыр камакта. Дароо эле кармоого мүмкүн болбогон, себеби ал алыска качып, бекинип жүргөн жана башка себептерди айттым. Калыкова тура калып, мени жамандап дагы бир нерселерди айтты. Менин чындыкты издеп, обкомдун бюросунда каяша айткандыгым аларга жакпай тургандыгын кайдан билдим? С.Ибраимов экөөбүз 40 мүнөттөй айтыштык. Ошол бюродо мага «Партиялык учеттук карточкасына жазылуу менен катуу сөгүш берилсин» деген чечим кабыл алышты. Бюродон чыгып бара жатып башкалардын «акшы эле болду, биздин маселелер калып кетти, чочуп жаттым эле» деген сөзүн кулагым чалган.

Сыртка чыккандан кийин мени генерал Абдурахманов менен анын орун басары Токтогул Чолушев ортого алып жемелешти. Айрыкча Чолушев «ай, кандай түшүнбөгөн немесиң, обкомдун биринчиси менен да айтышасыңбы? Макул күнөөлүмүн, экинчи кайталанбайт деп тура бербейсиңби» деди. «Жолдош полковник, мен чындыкты айттым» десем, ал «көрөт элем ошол чындыгыңды партиядан чыгарып койсо» деп басып кетти.

Ал кызга окшогон окуялар райондордо кеп эле болот, бирок мынчалык маани берип бюролордо деле каралчу эмес. Кийин кызыгып билсем, ал жеңил мүнөз кыз ошол кездеги обком комсомолдун биринчи катчысынын карындаштарынан болот экен. Ошол себептен бул маселе көтөрүлүптүр. Бир жылдан кийин мага берилген сөгүш алынды. Ал кезде обкомдун биринчи катчысы Темирбек Кошоев болуп калган эле. Бюродо бул маселени карап жатканда ал киши мага карап, эмнегедир мыйыгынан күлүп койгону эсимде. Бирок баары бир ак жерден жазалансаң, жүрөктө так калат экен.

300 миң жумуртканын окуясы

Обкомдон сөгүш алынгандан кийин мен старший лейтенант наамым менен 1979-жылы январь айынын башында Өзгөнгө райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалдым. Ал жерде үч жылга жакын иштедим.

Баргандан баштап эле өздүк курамдын тартибине, кийип жүрген формасына, билим деңгээлине, ишинин сапатына карап, айрыкча жалкоолорду аяганым жок. Жыйынтык жаман болгон жок. Өзгөн РИИБ кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө бир топ ийгиликтерди жаратты. Ошол кездеги саясат бир партиянын үстөмдүгү, бардык бийлик анын колунда болгон. Демократия, сөз эркиндиги жокко эсе эле.

Райкомдун биринчи катчысы Талипов деген болгон. Бардык бийлик Талиповдун колунда болчу. Андан уруксатсыз бир да жетекчи райондун аймагынан чыгып кете албайт эле. Бардык маселе кичине болсун, чоң болсун Талипов аркылуу чечилчү. Эгерде кандайдыр бир маселе ансыз чечилсе, анда Талиповдун куйкасы курушуп, бетине түгү чыгып, какшык сөздөр айтылып, кекетүүлөр боло турган. Талиповдун улуту татар болгону менен кыргыз тилин өтө сонун билген, макал-лакаптар менен сүйлөчү.

Мен баргандан кийин 3 ай өтпөй, апрель айында ыкчам жол менен Өзгөн райондук конторасында (заготконтора дешчү) 300 миң жумуртканы кошуп жазуу фактысын далилдедик. Мен анда Өзгөнгө көчүп бара элекмин. Эртеси Талипов чакырды. «Менден, качан көчүп келесиң, акыбалың кандай, үйдүн ремонту кандай болуп жатат» деп кызыккандай болду. Мурда андай дечү эмес. Андан кийин «300 миң жумуртканы эмне кылып жатасынар?» деп сурады. «Материалды тергөөгө өткөрүп беребиз», деп жооп бердим.

Мамасадыков (Талиповдун орун басары) бир топко чейин унчукпай туруп, «ушул ишти жаап койбойсуңарбы?», деди. Мен иш оор, мүмкүн эместигин айтып, макул болбодум. Бул ишти жаба турган болсом, мага өтө катуу сөз тийип кала тургандыгын айттым.

Акырында Мамасадыков ачыгын айтты. «Бул Талиповдун сөзү, анын айткандарын аткарбасаң, бул жерде иштей албайсың» деди. Эмне дешти билбей калдым. Талиповдон кайра барып, «ушул сөз сиздикиби?» деп сурай албайсың да. Макул болууга туура келди… Бирок бул окуядан кийин Талиповдун мага болгон мамилеси тескери жагына өзгөргөндөй болду. Бир жылдан кийин райондук чоң активде Талипов Социалисттик менчиктин сакталышы боюнча каралып жатканда милицияны сындап, «сары барпы деген куш бар. Олжосун адегенде катуу эле кармайт, бирок алаканы кычышып кетип коё берет экен. Биздин милиция ушундай десе, эл дуу күлүп жиберди. Ошентип өзү жаптырган иш менен кайра бизди согуп, өзүнүн «таза» экендигин далилдеди. Ошондо бармагымды тиштедим, эмне болсо ошо болсун, 300 миң жумуртканы аягына чыгарсам болмок экен деп.

1981-жылдын жайында күтүүсүздөн жүрөгүм ооруп калды. Кардиограммада өзгөрүү болуп, дарыгерлер мага «мелкоочаговый инфарк» деген диагноз коюшту. Ооруканага жатып, бир айча дарыланып жүрдүм, бирок жакшы боло албай жаттым. Бара-бара арыктай берип, 27 кг жоготтум. Октябрь айында Талиповго кирип, «мага уруксат бериңиз, көчүп кетейин. Ден соолугум жакшы болбой жатат» дедим. Ошондо Талипов «ооруп жүрсөң дарылан. Кайда барып көрүнсөң да, Өзгөндүн начальник милициясы экен деп көңүл бурушат. Бошоп кетсең сени ким угат? Аракет кылып иштеп жатканыңды көрүп жүрөм. Милициянын имаратын салууда жакшы иштедиң. Дарылан, иш бүтө берет», деп узатты. Мен ыраазы болуп калдым, бул анын мага болгон бир калыстыгы эле.

Фрунзеге барып, Насирдин Исановго жолуктум. Анда ал Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин курулуш жана шаар чарбасы бөлүмүн башкарат эле. Мени көрүп эле «эмне мынча арыктагансың, катуу ооругансың го», деп чочуп кетти. Эмне максат менен келгенимди айтсам, дароо медицинаны тейлеген бөлүмгө телефон чалып, алар аркылуу Републикалык кардиологиялык борборго жаткырышты. Анда академик Миррахимов директор эле.

Ички иштер министрине ден соолугума байланыштуу мени кызматтан бошотуп коюуну суранып рапорт берип койдум. Он беш күнчө дарыланган кийин менин тамагымда көрүнбөгөн богок (зоб) бар экендигин аныкташты. Арыктаганымдын жана жүрөгүмдүн ооруганынын себеби ошол экен. Ошондон кийин үч ай дарыланып, 1982-жылы февраль айында Ош облустук тергөө бөлүмүнө тергөөчү болуп ишке кирдим. Бирок батир жок кыйналдым. Ошол себептен Абдурахмановго кирип, Ноокатка жиберүүнү өтүндүм. 1983-жылдын башынан Ноокат РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары болуп иштей баштадым.

1994-жылы октябрь айында райондук деңгээлде иш-чара уюштурушуп, сыйым менен отставкага узатышты. Бул аралыкта көптөгөн окуялар болуп өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE