Пример HTML-страницы

Панфиловдо күнөсканада бадыраң өстүргөн Жылдызхан Ходжаева алгачкы түшүмүн алып баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык келишим түзүп, 100 миң сом алган Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айылынын 40 жаштагы тургуну Жылдызхан Ходжаева тамчылатып сугаруу аркылуу күнөсканада өстүрүп жаткан бадыраңдан мол түшүм алууга жетишүүдө.

Анын эмгеги, жашоо турмушу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ооба, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарында социалдык келишим түшүп, мамлекеттен 100 миң сом алдык. Өзүбүз дыйканчылыкка жакын болгондуктан, аны айыл чарба багытында иштетүүнү чечтик. Ошентип, өздүк корообузга узундугу 15 метр, туурасы 7 метр болгон күнөскана кура баштадык. Жолдошум Замирбек колу жөндүү ширетүүчү болгондуктан, өзү эле күнөскананы куруп бүтүрдү. Ал эми мен ишке жараган балдарым менен Түркиянын бадыраңынын уругун желим идиштерге отургуза баштадым. Аны баламдай эле күнү-түнү карап жетилтип, үй-бүлөбүз менен күнөсканага отургуздук. Албетте, дыйканчылыкта тыным болбойт. Бирок, анын сырын билип, агротехнологияларын өздөштүрүп алуу зарыл. Маңдай тер төксөң, анын акыбети да кайтат. Жаз алды менен жумшалган эмгегибиздин үзүрүнөн учурда бадыраңдар жүзүмдөй түйүп, бышып жатат. Мындай мол түшүм алуунун бирден бир жолу — тамчылатып сугаруу жана өз учурунда дарылоо», — деди Жылдызхан Ходжаева.

Ал өзү жөнүндө да токтолуп, тамчылатып сугаруунун айрым сырларын айтып берди.

«2019-жылы ден соолугума байланыштуу Тажикстандын Мургаб районунан Кайыңды шаарына көчүп келгенбиз. Учурда 4 балам менен Вознесновка айылында жашайбыз. Үй-жайлуу болуп, балдарыбыз мектептен билим алып жатышат. Баары жакшы. Ден соолугум да бир топ дурус. Кечке эле короо аянтындагы бадыраңды карап отура бербестен, кээ күндөрү талаа жумуштарына да чыгам. Ал эми жолдошум курулуш жумуштары менен алек. Ошентип, жашообуз өтүп жатат. Бадыраңдардан мол түшүм алууга тамчылатып сугаруу негиз болду. Жолдошум өз колу менен темирден ширетип, бийиктиги 1 метрден ашкан жай даярдап, ал жерге сыйымдуулугу 1 тонна суу бата турган желим идиш орнотту. Ага суу түтүгү менен суу куюлат. Ал суу күндүн табына жылыгандан соң, атайын түтүкчөлөр аркылуу жөөктөргө жеткирилет. Андагы чакан тешиктер аркылуу бадыраңдын ар бир түбүнө, тактап айтканда тамырына суу тамчылап агат. Мындай ыкмада өсүмдүк толук суу ичип, жакшы өсөт. Ооба, суу — өсүмдүктүн каны . Албетте, тамчылатып сугарууда суу үнөмдөлсө, экинчиден жаш өсүмдүккө жылуу суу берүү ар түрдүү оорудан сактайт. Мындан сырткары жаңыдан түйө баштаганда дарылап туруу зарыл. Негизинен турмуш бизди ар түрдүү жумуштарга такшалтты. Бадыраңдын түшүмү мол болду. Эми сатыкка алып чыга баштайбыз. Быйыл бул иштерден көп тажрыйба топтодук. Буюрса, келерки жылы күнөскананы дагы кеңейтип, көп түшүм алууга жетишебиз», — деди ал.

Район боюнча соцкелишимдин негизинде 116 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилген. Алардын ичинен 88 аз камсыз болгон үй-бүлө мал чарбасы, 28и айыл чарбасы менен алектенүүдө.

Кыргызстандын аймагында бир жылдан бери «Социалдык келишим» долбоору иштеп жатат. Анда балдарга берилүүчү жөлөк пулдун ордуна бизнес баштап кетүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө каражат берилет.

Эки жыл мурун президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүү улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде «Социалдык келишим» долбоору ишке кирген. Демилге колунда жок үй-бүлөлөрдү кыйын кырдаалдан чыгаруу жана аларды активдүү иш-аракеттерге шыктандыруу максатын көздөйт.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE