Пример HTML-страницы

Өзгөндөгү эки айылдын эли жарыксыз калды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа районунда электр энергиясында авариялык өчүрүүлөр болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда облустук штабдын жыйынында «Ош электр тармактар» ишканасынын жетекчиси Эмилбек Ысманов билдирди.

Анын айтымында, 9-декабрга караган түнү калың кар жаап, өчүрүүлөр болгон. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Жыйында Өзгөн районундагы Зергер, Эркин-Тоо айылдарында электр жарыгы жок экени маалым болду.

Кыргызгидромет 13-декабрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым аймагында кар жаай турганын кабарлаган.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым аймагында, Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE