Пример HTML-страницы

Өзгөчө ысымдын ээси К.Атиева өмүрлүк жолдошун кошуна өлкөдөн жолуктарган

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын туругуну Койсун Атиева агартуу тармагында 35 жылдан бери эмгектенип келет. Ал өзгөчө ысымы менен элди таң калтырып, кез-кезде чечмелеп берерин аймактык кабарчы менен маектешүүдө билдирди.

Ал 1966-жылы жарык дүйнөгө келип, чоң атасы ысым коюуда бурмалаган.

«Менин ыраматылык ата-энем Түп районунун Сары-Тологой айылындагы Табылгыты жайлоосунда жашаган. Турмуш жолунда 12 балалуу болушкан экен. Тилекке каршы, 5 баласы чарчап калып, жетөөбүздү тарбиялап, эрезеге жеткиришти. А дегенде эле апам удаа кыз төрөптүр. Мен үй-бүлөдө төртүнчү кыз болгондуктан, чоң атам «келинибиз кыз төрөгөнүн койсунчу» деп, Койсун деген ысымды коюшкан экен. Анан менден кийин ата-энем 2 уулду болушуптур. Тилекке каршы, эки иним тең чарчап калат. Андан кийин эки кыздуу болуп, жетинчи бир тууганыбыз жалгыз уул болду. Кенже инибиз жарык дүйнөгө келгенде, жакын туугандарыбыз каза болуптур. Кыркылык күнүн өткөрүп жатканда уулду болушуп, «Кудайым алганын кайра берди» деп, Төлөндү деген ысым ыйгарылган экен.

Балалык кезим айылда өттү. Башталгыч класста Кең-Суу айылынан билим алып, андан 8-класска чейин Сары-Тологой айылында окудум. Ал эми 10-классты Талды-Суу айылындагы жатак мектепте бүтүрдүм. Бала кезимде ысымым өзүмө жакпайт эле. Чоңойгондо өзгөртүп алам деп кыялданып жүрдүм. Бой жетип, студент болуп, Каракол шаарындагы педогогикалык окуу жайды аяктадым. Бүгүнкү күнгө чейин агартуу тармагында эмгектенип келе жатам», — деди ал.

Дээрлик 35 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келе жаткан К.Атиева алгачкы иш-тажрыйбасын Тажикстандын Шаартуз аймагынан баштаганын эске салат.

«Күлгүндөй жаш курак кезде, өзүм курактуу студенттер менен таанышып калганда, атымды Койсун дебестен, мырзаларга Кундуз деп айтып коёт элем. Эмнегедир өз атымды айтуудан уялчумун. Анан окуу жайды бүткөндөн кийн союз мезгилинде студенттерди алыскы аймактарга чектеп жиберишчү. Ошондо мени 3 курбу кызым менен Тажикстандын Шаартуз аймагына бөлүп, кыргыз класстар үчүн билим берүүгө жиберишти. Мындай чечимге макул болуп, 1988-жылдары коңшу өлкөгө жөнөдүк. Өзүмдүн кесибим башталгыч класстарга сабак берүү болсо, Тажикстанда кыргыз тилинен мугалим жетишпегениктен чоң класстар үчүн сабак берүүгө бекитип коюшту. «Убакыт — учкан куш» дегендей, ал жакта 5 жыл эмгектендим. Нике кайып экен, ошол жактан бактымды таап, өмүрлүк жолдошум менен баш коштук», — деди ал.

Жубайлар үй-бүлө күтүп, 2 уул жана 1 кызды тарбиялап-өстүрүштү. Болочок жолдошу менен таанышканда, өз атын жашырбай айтканын кошумчалай кетти.

«Кайын журтумдун улуту кыргыз, ага-туугандар бүгүнкү күнгө чейин Тажикстанда жашашат. Жолдошумдун ысымы да өзгөчө, Тагдыр деп коюлган экен. Ал үйдүн кичүүсү болгондуктан, ата-энеси “биздин кийинки тагдырыбыз, келечегибиз сенсиң” деген мааниде ат койгон экен. Ошентип, союз ыдырап, биз үй-бүлөбүз менен Кыргызстанга кайттык. Кайрадан эле агартуу тармагында өз ишмердүүлүгүмдү уланттым. 1993-1994-жылдары өкмөт бизге айлык акы төлөп бере албай калды. Ал мезгилдерде 7-8 ай бою маяна албай иштедеген учур болду. Айрым учурларда акчанын ордуна жашиктеп спирт ичимдигин таратып, нан бышыргыч, плита берип чегерет эле. Ошол кезде айлык албасак да, ырыскылуу болдук. Жолдошум менен Түптүн Михайловка айылына отурукташып калганда, ал бир топ жыл айылдын имамы болуп жергиликтүүлөргө эмгегин өтөдү. Мен да билим берүү тармагында эмгектенип, келечек муунга талбай билим берип келе жатам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE