Пример HTML-страницы

ОшТУда магистранттар үчүн семинар өткөрүлдү 

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде электр энергетикасы жана электр техникасы багытынын «Электр энергетикадагы менеджмент» профилинде билим алган магистранттардын илимий изилдөө иштеринин аткарылышы жана илимий-педагогикалык практикаларды өтүүсү боюнча илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.

Бул иш-чарага ОшТУнун магистратура бөлүмүнүн башчысы, профессор М.А.Атакулова, энергетика багыты боюнча магистранттардын илимий-педагогикалык практикасынын жетекчилери, бул багыт боюнча билим алып жатышкан магистранттар катышышты. Семинардын негизги максаты магистратурада билим алып жатышкан магистранттардын окуу мезгилинде өздөрү тандап алган тема боюнча аткарган иштери, алардын эл чарбасына жана өндүрүшкө тийгизген таасирлерин анализдеп чыгып, жыйынтыгын жетекчилик менен бирге талкууга алып чыгуу болуп эсептелет. Бул аракет менен магистранттардын аткарган иштерин талкуулоо менен гана жыйынтыктап койбостон, мындан ары да илимий ишмердүүлүктөрүн улантууга мүмкүндүк берүү ишке ашырылмакчы.

Кыргызстан эл аралык билим берүү деңгээлинде эки баскычтуу билим берүү системасын колдонуп келет. Мында негизги билимди алган соң, каалоочулар калган эки жылын магистратурадан улантышат жана бүтүрүүчүлөр үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө жол ачып берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE