Пример HTML-страницы

Оштогу Шейит-Дөбө мечити кечээ жана бүгүн. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushАрхитектуралык курулуштардын тарыхы Фергана өрөөнүндө эле эмес, байыркы Ош шаарынын түптөлүшү жөнүндө айтылган уламыштар, мында сакталган эстеликтер менен тыгыз байланышкан. Оштогу архитектуралык эстеликтер Кыргызстандын тарыхынын бөлүнгүс бир тутуму болуп эсептелет.

Бул жолу Ош шаарындагы Шейит-Дөбө (Шахид-Тепа) мечити тууралуу баяндайбыз.

VII-IX кылымдарда Орто Азияга исламдын таанылып жана жайылтылышы менен Сулайман-Тоого сыйынуунун байыркы салт-санаасы мусулмандар тарабынан да кабыл алынган. Ушундан улам да Ошто көптөгөн сыйынуучу жайлар курулаган. Библиографиялык булактардын маалыматына караганда, XIX кылымдын аягында Ошто 154 мечит, 7 мазар, 5 медресе болгон.

Борбордук базар тараптагы Андижан көчөсүндө жайгашкан Шейит-Дөбе мечити 1909-1910-жылдарда курулган. Түрү кварталдык (гузарная). Курулушу төрт бурчтуу формада, өлчөмү 19х7,2 метр. Мечиттин имараты бышкан кыштар менен урулган. Негизги имаратынан сырткары бул комплекске кызматтар жана дин башчыларына арналган бөлмөдөн (каана) турат. Комплекстин бүтүндөй бийиктиги эки метр келген, бышкан кыштан урулган дубал менен курчалган. Мечиттин ортосунда түз бурчтуктар формасында салынган жыгач айбар (тирөөч) бар.

Шейит-Дөбө мечити курулгандан берки мезгил ичинде бир нече жолу оңдоп-түзөө иштерине туш болгон. 1990-жылдардан кийин кошумча чоң курулуштар бүттү. Шаардын азыркы «Космос» кинотеотрынын чатырында түрк медресеси болгон дешет. Анын кышы менен ал жерге мурдагы Киров атындагы музыкалык өзбек драма театры салынганы айтылат. Ал бузулуп, облустук керек-жарак коомунун имараты курулган. Анда азыр башка да ишкана-мекемелер бар.

Маалымат «Ош тарых барактарында» китебинен алынды. У.Мамытов, Л.Мамытова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE