Пример HTML-страницы

Оштогу рейдде мал уурулук менен алектенген 15 адам аныкталды

Акыркы жанылыктар

Turmush8-10-апрель күндөрү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан облустун аймагында «Мал ууру» аталышындагы комплекстүү ыкчам издөө жана алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара мал уурулук фактылары боюнча жарандардын жамааттык кайрылууларынын негизинде уюштурулду. Облустун аймагында жайгашкан мал базарлар такталып, көчмө посттор уюштурулуп, мыйзамсыз мал союлган жерлерди аныктоо боюнча иш жүргүзүлдү. Ошондой эле иш-чаранын алкагында дайынсыз жоголгон 2 жаран аныкталды.

«Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Учкун айылында, Ноокат, Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан ири мал базарларда жана Өзгөн районунун Красный-Маяк айылындагы мал союучу жайларда, эт азыктарын сатуучу жайларда, ошондой эле мал сатылуучу жайларда мал уурулук фактыларын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Уурдалган малды сатуу мүмкүн болгон 80 жер, анын ичинде 10 мал базар, 10 мал союучу жай, эт азыктарын сатуучу 60 жай, мындан тышкары малдын терилерин сатып алуучу жана кайра иштетүүчү жайлар текшерилди. Мал уурулук менен алектенген 15 жаран аныкталса, анын ичинен 5 жаран мурда мал уурдаганы, 10 адам башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE