Пример HTML-страницы

Оштогу акимдерге 12 айыл өкмөттүн башчыларынын кызмат ордун кароо сунушталды. Алар кимдер?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 28-апрелде Ош шаарында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Министрлер кабинетинен келген өкүлдөр, акимдер, айыл өкмөт башчылары катышкан коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйындын аягында Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Кара-Кулжа, Араван жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, президенттин, Министрлер кабинетинин, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн протоколдук тапшырмаларын, өздөрүнүн чечимдерин ишке ашырууну камсыз кылуудагы жана жарандардын кайрылууларын кароодогу иштери жетишсиз болгон 12 айыл өкмөт башчыларынын кызмат абалын кароо тапшырмасы район башчыларына сунушталды.

Төмөнкү айыл өкмөттөрдүн башчыларынын кызмат абалын кароо керек экени айтылды:

— Өзгөн шаарынын мэри Нодир Каримов;

— Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Арынов Шайырбек Сапаралыевич;

— Кара-Кулжа районунун Сары-Булак (Эркинбаев Медербек Камчыбекович), Чалма (Алишев Чолпонкул Садыбалдыевич) айыл өкмөттөрүнүн башчылары;

— Ноокат районунун Он-Эки-Бел (Осмонов Казыбек Келдибаевич), Көк-Бел (Айткулов Асилбек Эсеналиеви), Жаңы-Ноокат (Рузалиев Нодирбек Зокиржонович) айыл өкмөттөрүнүн башчылары;

— Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак (Мадалиев Хамидулла Аманулаевич), Шарк (Тезекбаев Таалайбек Жолчуевич), Ак-Таш (Дооранов Абдулла Абдырайымович) айыл өкмөттөрүнүн башчылары;

— Араван районунун Керме-Тоо (Эшматов Рахманали Суюмбаевич) айыл өкмөтүнүн башчысы;

— Алай районунун Ленин (Субанов Бактыулан Мураталиевич), Корул (Турганбаев Мустафа Жанибекович) айыл өкмөттөрүнүн башчылары.

Төмөнкү айыл өкмөттөрдүн башчыларына сөгүш жарыяланды:

— Өзгөн районунун Кароол, Кызыл-Октябрь, Куршаб айыл өкмөттөрүнүн башчыларына;

— Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа, Кашка-Жол айыл өкмөттөрүнүн башчыларына;

— Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысына;

— Араван районунан Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчыларына.

Төмөнкү айыл өкмөт башчыларына эскертүү берилди:

— Өзгөн районунун Мырза-Аке, Ийри-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларына;

— Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз, Ылай-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларына;

— Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына, Ноокат шаарынын мэрине, Н.Исанов, Т.Кулатов айыл өкмөттөрүнүн башчылары;

— Кара-Суу шаарынын мэрине;

— Араван районунун Чек-Абад, С.Юсупова айыл өкмөттөрүнүн башчыларына;

— Алай районунун Коңур-Дөбө, Гүлчө, Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларына;

— Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE