Пример HTML-страницы

Ошто жол күзөтчүлөр жана ак халатчандар сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгында ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын жана медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусу жана Ош шаары боюнча медицина кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү кесиптик майрамга карата сыйланышты.

Аларды кесиптик майрамы менен Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов, ИИМдин ошондой эле Ош ОИИБдин буйругунун негизинде аталган кызматтардын айрым кызматкерлерине ИИМдин медалы жана грамоталары тапшырылды.

Кесип ээлерин майрамы менен куттуктап, алардын түйшүктүү иштерин жакшы билерин, ар кандай оор кырдаалдарда иш алып барып жатышкан кесип ээлерине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE