Пример HTML-страницы

Ошто мас абалда жүргүнчү ташыган айдоочулар кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында жүргүнчү ташуучу автоунаалар көзөмөлгө алуунуда. Бул тууралуу Ош ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган бөлүмдүн техникалык көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери тарабынан 8-9-май күндөрү «Автобус» аталышындагы рейд өткөрүлдү.

«Рейд учурунда жол эрежесин бузган 487 айдоочуга протокол түзүлдү. Ошондой эле тиешелүү документи жок унаа башкарган 5 айдоочу, жол белгисине баш ийбеген 166 айдоочу, спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган 24 айдоочу, кошумча жабдылган 2 унаа аныкталды. Рейд учурунда мас абалда унаа башкарып, жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук унаалардын айдоочулары кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE