Пример HTML-страницы

Ошто «Лексус» башкарган айдоочуга 161 000 сом айып пул салынган

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жол эрежесин бузганы үчүн салынган айып пулдарды төлөбөй жүргөн айдоочулардын унаалары айып короого киргизилди. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Ош шаарында жол кайгуулчулар планшеттин жардамы менен айып пулу төлөнбөгөн унааларды токтотуп, 10 миң сомдон ашкан айып пул бар унааларды айып короого токтотуп жатышат. Ош шаарынын тургуну «Лексус 450» унаасы менен жол эрежесин бузуп, 14 ирет айып пул жазылган. Убагында төлөбөгөндүктөн үстөк кошулуп, 161 миң сом болгон. Жалпы 14 протоколдун айып пулу төлөгөн эмес. Ал эң көп айып пул төлөбөгөн 100 айдоочунун катарына кирген. Унаасы айып короого токтотулду.

Ошону менен катар Ош шаарынын дагы бир тургуну «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен 22 жолу жол эрежесин бузган. Ал да айып пул төлөбөгөндүктөн 86 миң сомго жеткен. Анын унаасы да айып короого токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE