Пример HTML-страницы

Ошто кош бойлуу келин курсагындагы баласынан айрылган. Бүгүн дагы бир ымыркай чарчап калды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы төрөтканада кош бойлуу аялдын курсагындагы баласы чарчап калды. Бул окуя боюнча аталган келиндин жакыны менен төрөт үйдүн жетекчилиги маалымат берди.

Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн тургуну Таалайбек Бахтияр уулунун айтымында, Ош шаардык төрөтканасында дарыгерлердин шалаакылыгынан улам жеңесинин баласы курсагында чарчап калган. Жеңеси ай-күнү жетип, төрөтканага кайрылган, бирок көңүл бурулган эмес.

«Жеңем 5-майга караган түнү ай-күнү жетип, төрөтканага келген. Бир толгоо келип, бирок өтүп кеткен экен. Ага чейинки текшерүүдөн бала жакшы экенин, жеңем өзү төрөй турганын айтышыптыр. УЗИге түшөйүн десе аппаратты караган дарыгер да кеч келип, 200 сом алыптыр. УЗИ аппаратына түшүргөндө кеч болуп калган. Азыр эле биздин көзүбүзчө дагы бир бала чарчап калды. Эс алуу күндөрү жакшы көңүл буруп, карабай жатышат», — дейт Т.Бахтияр уулу.

Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Миргүл Султаналиева бул окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«23 жаштагы келин биздин төрөтканага 5-май күнү саат 2де айынан өтүп келген экен. Мурдагы баласын операция жолу менен төрөгөндүктөн бир-эки толгоо болгондо алып келишкен. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, эч кимди күнөөлөй албайбыз. Чечимди күтөбүз», — деди Султаналиева.

Ал эми бүгүн дагы бир баланын чарчап калганын мындайча түшүндүрдү.

«Биздин төрөтканага түштүк региону боюнча айына жетпей төрөп коюу коркунучу бар аялдар 22 жумалыктан 36 жумалыкка чейин сактанып жатышат. Баласы чарчап калган келин кош бойлуулуктун 34-жумалыгы болгондо суу кетип баштады. Суу инфекция киргенден улам кетет. Жатынга инфекция түшүп, дене табы көтөрүлүп баштагандыктан төрөтүп алдык. Бирок айына жетпей төрөлүп калгандыктан ымыркай жашап кеткен жок», — деди Миргүл Султаналиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE