Пример HTML-страницы

Ошто калың карды жиреп, көмөкчү чордонду оңдогон энергектиктер сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезиденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө энергетиктер сыйланды.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКтын филиалы «Ош электр тармактары» ишканасынын Ноокат жана Кара-Кулжа РЭТтеринин электр куроочуларын кабыл алып, катаал шарттагы аба ырайына карабастан функционалдык милдеттерин так аткаргандыгын белгиледи.

Энергетиктерге облус жетекчиси Элчибек Жантаевдин атынан ардак грамота тапшырды.

Turmush 2024-жылдын февраль айында тынымсыз кар жаап, Кара-Кулжа районундагы Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылганын жазган.

Көмөкчү чордонду оңдоо үчүн барган электриктер жолдогу абалды видеого тартышкан. Алардын айтымында, калың карда алгач жолду жиреп, аттарга жол салып, андан кийин өтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE