Пример HTML-страницы

Ошто ит тиштеп алгандардын саны 17 адамга жетти. Алардын көбү жаш балдар

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында ит тиштеп алган жарандардын саны 17 адамга жетти. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын баарын бир ит тиштегени болжолдонуп жатат.

«Саат 16:00гө карата, 18 адамды ит тиштеп алганы маалым болду. Анын 17син бир ит тиштеп алган деп шек саналууда. 17 жарандын 12си Ош шаарынын тургундары. Алардын ону 14 жашка чейинки балдар, экөө чоң адамдар. Кара-Суу районунун аймагында 5 адамды ит тиштеген. Булардын ичинен үчөө 14 жашка чейинки балдар болсо, экөө чоңдор. Бир учур аныкталды. Бул 17 адамга такыр эле тиешеси жок болуп жатат. Ал 1-июнга караган түнү Ош шаарындагы борбордук базарга барганда ит тиштеп алган», — деп айтылат маалыматта.

17 адамдын баарына биринчи жардам берилип, эмдөөдөн өтүштү. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу райондук бөлүмүнөн билдиришкендей, аталган ит Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү ат майдада атылып, башы лабораторияга жиберилди. Азырынча жыйынтыгы чыга элек.

Буга чейин Ош шаарынын Төлөйкөн, Батыш, Түштүк-Чыгыш кичи райондорунун тургундары кечээ, 31-май күнү «кутурган ит балдарды тиштеп, балдар ооруканага кайрылып жатат» деген маалыматтарды WhatsApp аркылуу тайпаларга бөлүшүп баштаган.

Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Абдуллаев жалпы 15 адамды ит тиштегенин айткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE