Пример HTML-страницы

Ошто интимдик кызмат көрсөтүүгө шектелип 5 кыз кармалды. Арасында жашы жете элек кыз дагы бар

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жеңил ойлуу кыздарга карата жүргүзүлгөн иш-аракеттер уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жашоочулардан келген маалыматтарга ылайык, 5-декабрь күнү милиция кызматкерлери Ош шаарындагы С.Супаналиев, Ашимахунов, А.Масалиев Курманжан датка көчөлөрүндө жайгашкан кыска мөөнөткө ижарага берилүүчү батирлерди текшерүүгө алышкан. Анын алкагында сойкулук жасаганга шектелип 5 кыз кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Алардын арасында 2006-жылы Өзгөн районунда төрөлгөн кыз дагы бар. Ал профилактикалык маектешүүдөн соң социалдык жактан коргоо мекемелерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE