Пример HTML-страницы

Ош технологиялык университетиндеги окутуучулар жат жазуу жазып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин катышуусунда «Сабаттуу бол» акциясы өтүп жатат.

Окуу жайдын маалыматы боюнча, мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан университеттин жалпы жамаатына жат жазуу жаздырылды. Маалыматка ылайык жат жазуу саамалыгына катышкандардын жазган иштери адистердин текшерүүсүнөн өтүп, мыкты жазган кызматкерлер жыйынтыгында атайын сыйлыктарга ээ болушат.

Иш-чара өкмөттүн 2020-жылдын 1-октябрындагы токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндөгү» программасын ишке ашыруу буйругунун негизинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу жана кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулду. Ошондой эле Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы тескемесине ылайык, президентке караштуу мамлекеттик Тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган «Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» аталышындагы үч айлыктын алкагында мамлекеттик тил бөлүмүнүн иш планына ылайык окуу жайдын кызматкерлеринин сабаттуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

Жат жазуу 2023-жылдын 30-октябрь күнү экономика жана башкаруу, автоунаа жана тейлөө факультеттеринин окутуучу-профессордук курамына жаздыруу менен башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE