Пример HTML-страницы

Ош шаарында республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-апрель күнү Ош шаарынын мэриясында үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөн республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарада республикалык предметтик олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген окуучуларга баалуу белектер, электрондук китептер тапшырылды. Ал эми окуучулардын ийгиликке жетүүсүнө түрткү болгон мугалимдерге Ош шаарынын мэриясынын акчалай сыйлыктары жана алкыш баракчалары тапшырылды. Жалпысынан шаардагы мектеп жана лицейлердин 34 окуучусу жана мугалимдер сыйланды.

Олимпиаданын жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинин рейтингдик критерийлери боюнча Ош шаары республикада 2-орунга ээ болду. Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардык билим берүү бөлүмү ыраазычылык кат менен сыйланды. Ошондой эле иш-чарада Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, Ярославль жана Новосибирск шаарлары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы, шаардагы мектептерден орус тили мугалимдерин квалификациясын жогорулатууга жиберүү пландалып жатканы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE