Пример HTML-страницы

Ош шаарында коон жана дарбыз канча сомдон сатылып жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарына дарбыздар Өзбекстандан, коондор Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасынан алынып келип жатат.

Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, коондун 1 килограммы 80 сомдон, дарбыздын 1 килограммы 40 сомдон сатылып жатат. Ал эми дүң баада коон 60-70 сомго, дарбыз 25-30 сомго бааланууда.

Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын башкы инспектору Абдыбакы Маматовдун айтымында, шаарга алынып келинип жаткан жашылчалардын баары текшерилип жатат.

«Коон, дарбызды сыртынан аппарат менен текшергенде 1-1,5 эсе нитраты көп деп көрсөтөт. Биз ичин, жей турган жерин текшергенде нормада чыгып жатат. Шаар тургундарына айтат элем, коон-дарбызды балдарга бергенден кийин артынан суу бербөө зарыл. Айрымдары суу берип алып, анан коон-дарбыздан көрүшөт. Башка жашылчаларды дагы күн сайын текшерип жатабыз, баары нормада», — деди Маматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE