Пример HTML-страницы

Ош шаарында 14 көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп жатат

TurmushБүгүн, 28-мартта Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны өтүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

  • Жыйынга Ош шаарынын мэри, вице-мэрлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Вице-мэр Жасур Азимов баяндама жасады. Ал Ош шаардык архитектура башкармалыгына шилтеме берүү менен Ош шаарында 14 мыйзамсыз курулуш бар экенин билдирип, аларга эч кандай уруксат кагаздары берилбегенин айтты.

«Былтыр 28 мыйзамсыз курулуш бар эле. Быйыл 14 мыйзамсыз курулуш аныкталды. Аларга эч кандай уруксат берилген эмес. Шаардык кеңештен уруксат берилген болушу мүмкүн. Бирок архитектурадан берилген эмес», — деди Азимов.

Ошондой эле Жасур Азимов шаардын аймагы кеңейбей, бирок калктын саны өсүп жатканын, жер алуу үчүн 20 миң жаран кезекте турганын кошумчалады.

Ал эми Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токтошев шаарда мыйзамсыз объекттер көбөйгөнүн билдирди.

«Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр боюнча маселе бар. Былтыркы жылы 20 көп кабаттуу үйгө уруксат кагаз берилген, 14 үйгө бериле элек. Ошондой эле өткөн жылы мыйзамсыз курулган объекттерге 624 жолу эскертүү бердик. 32 кат менен 59 объект архитектуралык курулуш көзөмөлдөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди», — деди Токошев.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE