Пример HTML-страницы

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

Turmush16-апрель күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессор Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына карата аймактык илимий конференция болуп өттү.

Маалым болгондой, иш-чара «Жаңы маалыматтык технологиялар мезгилиндеги студенттик илимдин өнүгүшү» аталышында болуп, ага Бишкек шаары, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы жогорку окуу жайлардын студенттери, илимий жетекчилери менен бирге катышты. Конференциянын жүрүшүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучулар алгач Мадраимовдун өмүр таржымалын чагылдырган тасмага күбө болушту. Аны улай пленардык жыйында студенттер өз баяндамаларын жасашты.

Университеттин окуу иштери боюнча проректору Равшанбек Абсатаров бүгүнкү конференция жогорку деңгээлде өтүп жатканын белгилеп, иш-чаранын жүрүшүнө токтолду.

«Конференцияга жалпы 119 макала келип түшкөн. Катышуучулар 5 секцияга бөлүнүп, макаларалын коргошту. Ал эми пленардык жыйында баарыбыз күбө болгон баяндамалар өзгөчө жана мыкты болду деп белгилейм.

Мындан сырткары секциялык жыйындарга бөлүнгөн студенттердин баяндамаларын коргогон соң, жыйынтык чыгарабыз. Бүгүнкү конференцияда эң мыкты макала ээлери үчүн акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшрылат», — деди Абсатаров.

Секциялык иштердин жыйынтыгы чыгып, конференциянын резолюциясын кабыл алышты. Андан соң мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйлыктарга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE