Пример HTML-страницы

Ноокаттын борбордук стадиону тезек кургатуучу жайга айланды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районундагы борбордук стадион кароосуз калып, айрым жерлери жеке жактарга өтүп кеткен. Turmush басылмасынын кабарчысы абалды жеринен көрүп келди.

Стадионго жакын жашаган тургундар мал жайып, отургучтарды тезек кургата турган жайга айлантып алышкан.

«Стадиондун силер көргөн аймагы эле калды. Чекесинен менчиктеп, ээлеп, кирип келип жатышат. Курулуш материалдарын акырындан чыгарып, уурдап кетишүүдө. Буга чейин малга тоют чөп, жем, көмүр саткан жай дагы кылышкан. Ноокаттын мекенчил балдары тазалап, иретке келтирип коюшкан. Малдарын да жайып жиберишет. Бул Ноокат районундагы жалгыз чоң стадион. Чоң спорт оюндары, иш-чараларды ушул жерде өткөрөбүз, бирок уяласың. Шайлоолордо үгүт иштеринде эле пайдаланышат. Калган учурда бул жер жөнүндө ойлогон киши жок», — деди алар.

Атын атагысы келбеген тургундун айтымында, 2021-жылы демөөрчүлөр стадионду ашар жолу менен оңдоп-түзөө үчүн долбоор даярдап, жергиликтүү бийликке жардам сурап кайрылган. Бирок бул сунушка ошол учурдагы аким, айыл өкмөт башчы баш болуп каршылык көрсөтүп, сунуш колдоо тапкан эмес. Анын себебин стадиондун айланасындагы жерлер жеке менчикке өтүп кеткенине байлаштырды.

Стадион 1978-жылы курулган, ал Гүлистан айыл аймагынын балансында турат. Айыл өкмөт башчы Эргешалы Шаназаров учурунда стадионго тиешелүү болгон 15 сотых жер сатылып, бүгүнкү күнгө чейин соттук териштирүү уланып жатканын тастыктады.

«Бүгүнкү күндо оңдоо иштери жүрүп жатат. 2020-2021-жылдары катары менен дем берүүчү гранттан жана жергиликтү бюджеттен отургуч, чатырларын жасатканбыз. Стадиондун негизги бөлүгү сатылган эмес. Тилекке каршы, 1999-жылдары жолго жакын 15 сотых жери сатылып кеткен экен. Биз бүгүнкү күнгө чейин соттошуп жатабыз. Азыр иш сотто. Биздин арызыбызды жарым-жартылай канааттандырып, бул иш сүйрөлүп турат. Бул жерде чоң футболдук мелдештер өтпөйт, бирок райондогу иш-чаралар токтобой өтүп турат. Чакан футбол аянтчалары көбөйүп кеткендиктен стандарттык аянтта футбол ойнолбой жатат», — деди Шаназаров.

2023-жылы мамлекеттик жана коомдук ишмер Насирдин Исановдун жана райондун 80 жылдык маарекесине карата стадионго атайын отургучтар алынып келген. Бирок белгисиз себептерден улам алар орнотула элек.

Ноокат району Ош облусундагы калк эң көп жашаган аймактардын бири болуп саналат.

Ноокат району Кыргызстандагы калк жыш жайгашкан 3 райондун катарында. Биринчи орунда Кара-Суу району болсо, экинчи орунда Жалал-Абад облусунун Сузак району, ал эми үчүнчү орунда Ноокат району.

Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн эл каттоо боюнча, 2023-жылдын 1-январына карата Ноокат районунда 315 миң 11 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE