Пример HTML-страницы

Нарындагы кызматкерлер Түркияда жабыр тарткандар үчүн бир күндүк маянасын которушту

Акыркы жанылыктар

TurmushКүтүүсүз келген кырсыктан жабыркап турган түрк боордошторго Нарын эли сабыр тилөө менен моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүүгө кол сунат.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана облустун бардык бюджеттик мекеме-ишканаларынын эмгек жамааттары бир күндүк айлык маянасын которуп беришет.

Мындан сырткары жылуу кийим-кече, азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү каражаттарды топтоо иштери уюштурулууда.

Дубан аймагында жалпы 776 мекеме болсо, жалпы кызматкерлердин саны — 16565, ал эми техникалык кызматкердин саны — 4565. Жалпы 21 миң 130 адам эмгектенет.

Түрк боордошторубузга колдоо көрсөтүү үчүн Финансы министрлиги тарабынан атайын эсеп ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE