Пример HTML-страницы

Нарында жөө жүргүнчүлөр жол кырсыгына көп кабылууда. Себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushАкыркы убакта унаалар арасында гана эмес жөө жүргүнчүлөрдүн айынан да жол кырсыктары көп катталууда. Жол кырсыктанынын келип чыгуусу жөнүндө Нарын шаарындагы спорттук техникалык коргоо уюмунун окуу иштери боюнча директордун орун басары Ренат Илимбай уулу айтып берди.

«Бизде Нарын шаарындагы көп жерлерде жол чырактар жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр турат. Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр жөнгө салынган жана жөнгө салынбаган болуп экиге бөлүнөт. Айрым жөө жүрүүчүлөр унаа чукулдап калганда, өтмөктөн өтүүгө бел байлашып, өмүрүнө коркунуч келтиришет. Анткени кышкысын жол тайгак болуп, унаа токтой албай калышы мүмкүн. Ошондуктан жөө жүрүүчү да айдоочуга ыңгайлуу шарт түзүп, жол эрежелерин сактаганга аракет жасашы керек.

Мисалы, унааны токтотуу аралыгы жай мезгилинде 15 метр болсо, кышкысын 30 метрге чейин узарып кетет. Ошентип айдоочу менен жөө жүрүүчүнүн ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыгат. Жөө жүрүүчү өтмөктөн өтүп жатып, ошол жол коопсуз экендигине ынануу менен кадам ташташы зарыл. Кырсык көбүнчө жөө жүрүүчүлөрдүн кенебестигинен улам болуп жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE