Пример HTML-страницы

Нарын шаарында коомдук жайда иштеген өспүрүмдөр аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында коомдук жайларда иштеген балдар аныкталып, алар боюнча тиешелүү талаптарга сунуш каттар берилди. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаардык ички иштер бөлүмү «Өспүрүм-Түн» аталышында рейд жүргүзгөн. Иш-чаранын алкагында компьютердик клубдар, тамактануучу жайлар, базар, дүкөндөр текшерүүгө алынып, иштеп жаткан өспүрүмдөр аныкталган. Ал балдар боюнча тийиштүү органдарга сунуш каттар жиберилди.

Андан сырткары кечки рейд учурунда түнкүсүн ата-энесинин же чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн жаш балдар ата-энелерине тапшырылып берилди.

Ошондой эле аталган балдар арасында укук бузууларды болтурбоо жана алдын алуу иш-чарасынын алкагында Нарын ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери аз камсыз болгон жалгыз бой энеге азык-түлүк алып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE