Пример HTML-страницы

Нарын облусуна сүт багытындагы уйларды көбөйтүү үчүн 5 млн доллар берилет

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору боюнча жолугушуу өттү.

Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосунда өлкөнүн 3 облусуна багытталган жалпы наркы 17 миллион долларлык «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору Нарын облусунда башталды. Аталган сумманын 5 миллион АКШ доллары Нарын облусуна каржыланары мерчемделген.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев долбоордун өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууга долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Мелисса Браун, экология боюнча адис Лулва Али, мал чарбасы боюнча адиси Мохаммед Шамсуддин, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун жетекчиси Төрөгул Беков, долбоордун эксперти Таалайбек Кошматов, долбоордун Нарын облусундагы координатору Нурбек Молдокадыров, Каржы министрлигинин өкүлдөрү Мехрибан Давлесова, Андрей Ганкин жана башка тийиштүү адистер катышты.

Жолугушууда долбоордун алкагында сүт багытындагы бодо малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү жана короновирустан кийинки экономикалык абалды калыбына келтирүү боюнча өлкөнүн айрым аймактарында майда фермерлердин туруктуулугу камсыз кылынары талкууланды. Долбоордун жыйынтыгында сүт өндүрүүчүлөдүн кирешеси өсүп, малдын саны көбөйүп, сүттүн сапаты жогорулап, 10 миңден ашык уй жасалма уруктандырылып, 21 миң фермер долбоорго түздөн-түз бенефициары болоору күтүлөрү айтылды.

17 миллион доллардын 50 пайызы гранттык, 50 пайызы кредиттик негизде болуп, долбоор 4 жылга созулат. Насыя 0,75 жылдык пайыз менен мөөнөтү 38 жылга, анын ичинен жеңилдетилген мезгил катары 6 жыл белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE