Пример HTML-страницы

Нарын облусу боюнча эң жогорку пенсиянын көлөмү айтылды. Аны бир гана пенсионер алат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунда эң жогорку пенсия 94 370 сомго жетти. Аны Нарын шаары боюнча бир гана пенсионер алат.

  • 2022-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө 735 миң адам пенсия алат.
  • 2017-жылы Кыргызстанда эң жогорку пенсия 100 миң сомду, 2019-жылы (декабрь айына карата) 104 миң сомду, 2021-жылы 179 миң сомду түзгөн.

——————————

Ат-Башы районунда жалпы 11 358 пенсионер бар. Ат-Башы райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Талантбек Карыбековдун айтымында, быйылкы жылдын 9 айында пенсияга чыккан адамдардын саны 515 кишини түзгөн.

«2022-жылдын 1-октябрына карата жалпы 11 358 пенсионерибиз бар. Анын ичинен жашы боюнча 9201, майыптыгы боюнча 1455, багуучу 659, персоналдык пенсионер 19 адам. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу — 2.

2022-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга көбөйтүлдү. Мурда минималдуу пенсия 2780 сом болсо, азыр 4755 сом болду. Ошондо 1885 сомго жогорулап жатат. Жалпысынан 487 сомдон 4000 сомго чейин кошулду», — деди ал.

Ат-Башы району боюнча эң жогорку пенсия 60 000 сом. Аны персоналдык пенсионер алат.

——————————

Кочкор районундагы зейнеткерлерге берилүүчү пенсияга 84 миллион сомдон ашык каражат которулуп баштады. Кочкор райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Асылбек Жумалиевдин айтымында, район боюнча 13 персоналдык зейнеткер (пенсионер) бар. Учурда эң жогорку пенсия болжол менен 35 000 сомду түзөт.

«2022-жылдын 1-октябрынан тарта зейнеткерлердин пенсиясы көбөйө баштады. Райондо жалпы 11 миң 33 зейнеткер болсо, анын ичинен 13ү персоналдык зейнеткерлер. Октябрь айынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3 170 сомду түзүп, камсыздандыруу 15 пайызга көтөрүлдү.

Пенсия өзүнүн тапкан эмгегине жараша көбөйдү. Дыйкан чарба менен пенсияга чыккан жарандардын мурда базалык бөлүгү көтөрүлгөн. Ошол себептен алардын пенсиясына аз өлчөмдө кошулду», — деди Асылбек Жумалиев.

Мындан сырткары майыптыгы боюнча пенсия алган жарандар дагы бар.

——————————

Жумгал районунун аймагында бүгүнкү күндө 7965 пенсионер бар. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин көбөйтүлгөн. Ал эми камсыздоо бөлүгү 15 пайызга жогорулаган.

Жумгал райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Бактыбек Жапаров билдиргендей, учурда райондо эң көп пенсия алган пенсионердин эмгек акысынын өлчөмү 27 533 сомду түзөт. Ал райондун Миң-Куш айылынын жашоочусу, өмүр бою саламаттык сактоо тармагында эмгектенген инсан. Андан тышкары персоналдык пенсионерлер бар. Алар 18 000 сомдон 26 500 сомго чейин алышат.

«Сентябрь айында районубуздагы пенсионерлерге 50 млн 629 миң сом бөлүнсө, 1-октябрдан баштап 64 млн 333 миң сом бөлүнүп баштады. Мындайча айтканда, 13 млн 73 миң сомго көбөйдү», — дейт ал.

——————————

Ак-Талаа районунда эң жогорку пенсия 32 миң сомду түзөт. Райондук социалдык фонддун пенсия чектөө жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башкы адиси Билимгүл Мурзакулованын айтымында, район боюнча жалпы 5892 пенсионер бар. Мунун ичинен 2 000 сомдон 3 000 сомго чейин пенсия алгандар — 122; 3 000 сомдон 4 000 сомго чейин пенсия алгандар — 86; 4 000 сомдон 5 000 сомго чейин пенсия алгандар — 1 135; 5 000 сомдон 10 000 сомго чейин пенсия алгандар — 2 835; 10 000 сомдон 20 000 сомго чейин пенсия алгандар — 1 569, ал эми 20 000 сомдон 32 000 сомго чейин пенсия алгандар — 27.

«20 00 сомдон 30 000 сомго чейин пенсия алгандар персоналдык пенсионерлер, убагында жетекчилик кызматта жогорку айлык менен иштеп, пенсияга чыккандар. 32 000 сом пенсияны бир гана адам алат. Калганы 30 миң сомго чейин гана.

Ак-Талаа районуна буга чейин пенсияга 37 млн сомдон ашык акча бөлүнүп келсе, учурда пенсиянын көбөйтүлүшү менен бул сумма дээрлик 10 млн сомго көбөйдү», — деди Билимгүл Мурзакулова.

——————————

Нарын шаары жана Нарын райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Динара Кенжекееванын айтымында, Нарын шаары боюнча 8319, Нарын району боюнча 9438 пенсионер бар.

Шаар боюнча эң көп пенсияны бир гана персоналдык пенсионер алат. Тактап айтканда, 94 370 сом берилет. Нарын району боюнча 31 702 сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE