Пример HTML-страницы

Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushМырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды.

Буга чейин маалым болгондой, 2023-жылдын 22-апрелинде саат 02:00 чамасында Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайку унаа жолунун 84-85-чакырымдарынын аралыгында, Көңдүк айылынын кире беришинде тоодон узуну 50 метр, туурасы 8 метрдей болжол менен 6000 куб таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калган.

Жабыр тарткан жарандар жок.

Жолду кыска мөөнөттө ачуу, үзүлгөн электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Азыркы учурда бир тараптуу жол ачылып, каттам өз нугунда жүрүүдө.

Мындан тышкары Кара-Таш айылынын жогору тарабында электр жарыгы жок. Үзүлгөн электр чубалгыларын калыбына келтирүү Ош электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE