Пример HTML-страницы

Мугалим, окуучу кыз жана апасы өз чындыгын айтты (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда мектепте болгон окуядан кийин мугалим жумуштан бошотулуп, окуучу кыз ооруканага түштү. Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын жеринен билип келди.

Социалдык тармакка сабак учурунда окуучу кызды мугалим уруп жаткан видео тарап, талкууга алынган. Окуя 23-май күнү Сузактын Багыш айыл аймагындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте болгон. Мугалим окуучу кызды сабап жатканын класстагы балдар уюлдук телефонго видеого тартып алууга үлгүргөн.

Аты-жөнүн сыр сактоону өтүнгөн 7-класстын окуучусу видео тартылгандан кийин мугалимдер тарабынан коркутуулар болгонун айтып, окуянын жоо-жайына да токтолду.

«Негизи Мээримгүл эжеке бизге көркөм өнөр сабыгынан сырткары информатика сабагынан да билим берет. Кечээ интернетке тараган видеосу биринчиси эмес, тактап айтканда буга чейин деле класста, сабак учурунда окуучуларды урушчу, бирок минтип урган эмес. Ал эми окуя орун алган дүйшөмбү күнү 4-саатта бизге көркөм өнөр сабагы болчу. Эжей класска кирип келип, кыздарды урушуп баштады. Бир учурда Ариет Хадичанын калемин алып койгондуктан, Хадича ордунан туруп барып, калемди алды. Ал өз ордуна келе жатканда аталган мугалимдин биз менен бирге окуган кызы Айзирек Хадичага «ордуңа отурбайсыңбы, эмне кылып жүрөсүң?» деп катуу сүйлөп, айтыша кетти. Ал экөөнүн чырына күбө болгон мугалим Хадичаны уруша баштады. «Силер менин кызымды көрө албайсыңар» деген сыяктуу сөздөрдү айтып, Хадичанын үй-бүлөсү, ата-энесине акараат келтирген сөздөрдү да айтып жиберди. Хадичанын ачуусу келип, мугалим менен кайым айтышып жатканда эжеке анын бети-башына чаап, курбу кызыбыз качса кууп барып, уруп салды. Биз видеого тартып калдык.

Кийинчерээк «видеону ким тартты? Мектептин шартына баш ийбесеңер кеткиле, мектептен айдалып кетесиңер» деген сыяктуу коркутуулар болду», — деди окуучу.

Ал эми окуя катталган 500дөн ашык окуучу билим алган Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин директору Даткайым Нуралиеванын айтымында, мугалим окуучу кызга кол көтөргөндө тартылган видеону кечээ гана көргөн.

«Ачыгын айтканда, окуя тууралуу менде эч кандай маалымат жок болчу. Буга чейин мындай иш болгонун мага же эмгек жамаат, же окуучулар билдирген эмес. Кечээ күнү мугалимден таяк жеген кыздын апасы келгенде гана билдим. Абдан өкүнүчтүү иш болду. Азыр райондук билим берүү бөлүмүнөн комиссия түзүлүп, иш алып барышууда.

Окуучуга кол көтөргөн мугалим Мээримгүл Эргешбаева бул мектепке 2012-жылы катчы болуп ишке кирген. Ал педагогикалык колледжди аяктаган экен. Компьютерде иштей алгандыктан, атайын кыска мөөнөттүү курстан өтүп, 2019-жылдан бери кадр жетишсиздигинен улам информатика сабагынан окуучуларга билим берип келген. Азыр укук коргоо органдары териштирүү иштерин алып барууда. Аны менен бирге райондук билим берүү бөлүмүнөн да комиссия түзүлгөн. Бүгүн мугалим жумушка келген. Бирок эртең менен анын кан басымы көтөрүлүп, суранып кеткен», — деди директор.

Учурда мугалимден сабоо жеген окуучу кыз Октябрь аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Ал кечээ түнү эсин жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Анын айтымында, мугалим үй-бүлөсүнө жана ата-энесине акараат келтиргендиктен аны менен кайым айтышкан.

«Бул чыр-чатактын баары бир калемден башталды. Мээримгүл эжекенин кызы Айзирек менен айтышып жатканда, апасы да кошулуп, мени уруша баштады. Ага чейин да эжеке агрессивдүү болуп класска кирип, балдар-кыздарды четинен урушуп жаткан. Кийинчерээк эле мени урушуп, үй-бүлөм, ата-энеме да акараат келтирип баштады. Мен да айтышып кеттим. Бир учурда мени ургулай баштады. Классташ балдар-кыздардын «эжеке урбаңыз» деген сөзүнө да кулак салган жок. Мен эжекенин урганынан улам качып жатсам, артыман калбай уруп жатты. Көп учурда эжейдин колу бети-башыма тийди. Айлам кетип, класстан качып чыктым. Ал арада классташ балдар эжекенин жолун тороп калганда, аларды да ургулап жибериптир.

Сабак бүтөр замат Мээримгүл эжеке мени жетелеп, тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын иш бөлмөсүнө алып кирди. Ал жерде болгон окуяны айтып жатып, тиги эжекенин көз алдында мени урду. Ошол күнү үйгө барып, ата-энеме эч нерсе деп айткан жокмун. Себеби атам эки ирет инсульт алып, кароого муктаж болуп калгандыктан, апам аны ар дайым карап турат. Анан калса апамдын өзүнүн кант диабети болгондуктан болгон окуяны айтып, аны сарсанаа кылгым келген жок. Бирок кошуна эжелер мени урган видеону көрүп, апама айтып коюшуптур. Андан соң класс жетекчиме телефон чалып, окуяны сурады.

Мээримгүл эжеке үйгө келип, апамды кучактап ыйлап, «бир эле жолу бетке чаап жибергем» деп кечирим сурады. Бирок кечээ видео соцтармакка тарагандан кийин окуя кайра ырбап кетти. Кечээ кечинде апам, мен, Мээримгүл эжеке болуп Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө барып, сурак берип келе жатканда жолдо көзүм караңгылап, эсимди жоготтум. Көзүмдү ачсам, ооруканада экенмин. Азыр башым катуу ооруп, башым жана көңүлүм айланып жатат», — деди окуучу кыз.

Октябрь аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Маманов азырынча окуучу кызга баш мээси чайкалган деген диагноз коюлганын, дагы текшерүүнүн жыйынтыгы чыга турганын билдирди.

«Окуучу кыз кечээ түнү биздин бөлүмгө түшкөн. Нөөмөттөгү дарыгердин айтымында, келгенде абалы оор болгон. Зарыл болгон дары-дармектерди сайгандан соң абалы жакшырды. Азырынча биз баш мээнин чайкалышы деген гана диагноз койдук. Алдыңкы күндөрү облустук ооруканадагы невропотолог, окулист, нейрохирургдун текшерүүсүнөн өткөрөбүз. Аны менен катар баштан аяк рентген жана томографияга түшүргөндөн кийин диагноз коёбуз. Азыр кыз биздин көзөмөлдө, тергөөчүлөр, соттук-медициналык эксперттер иш алып барышууда», — дейт дарыгер.

Окуучу кыздын апасы Шайыргүл Хусанованын айтымында, окуяны социалдык тармактан көргөн, кызы эч нерсе айткан эмес. Ал алгач мугалимди кечиргенин, бирок кызы ооруп калганда арыз жазууга мажбур болгонун айтат.

«23-май күнү кызым кадимкидей эле окуудан келген. Мен күндөгүдөй эле келди го деп маани деле берген эмесмин. Себеби жолдошум эки ирет инсульт алып, кароого муктаж болуп калган. Өзүм да кант диабетинен жабыркап келем. Бирок Хадичанын бир кулагында сөйкөсү жок, бети кызарып калыптыр. Жолдошумду карап, аны сурайм деп унутуп калыптырмын. Бир учурда кошунабыз кирип келип эле, Хадичаны «жакшы элеби?» деп сурады. Анан сураштыра баштадым. Кызымдан сурасам, болгон окуяны айтып, эжекеси менен үй-бүлөбүзгө акараат келтирген сөздөрдү айткандыктан арданып айтышып кетип, мугалим 1 шапалак тартып жибергенин айтты. Мен эжекесине телефон чалсам, үйгө келе калды. Мээримгүлдүн 5 баласы бар деп кечиргем. Бирок кечээ кызым ооруп калгандан улам арыз жаздым. Эми баары мыйзам чегинде каралат деген ишеничтемин», — деди ал.

Ал эми окуучуга кол көтөргөн мугалим — 35 жаштагы Мээримгүл Эргешбаева кылган ишине өкүнүп жатканын айтты.

«Класста күндөгүдөй эле окуучуларды жоктоп, анан сабакты баштап жатканбыз. Окуучулар ызылдай бергенинен аларга тарбиялык маанидеги сөздөрдү айтып, эскертүү берип жаткам. Бир мезгилде ызылдашканынан уруштум. Кызым Айзирек менен Хадича айтышып жаткан экен. Аларды тынчтандырам деп ачууга алдырып урушуп, уруп жибердим. Кылган ишиме өкүнүп жатам, жалпы эле коомчулуктан кечирим сурайм. Хадичанын «кызыңызды тыйып алыңыз» деген сөзү ачуумду келтирди. Ошондуктан өзүмдү кармай албай калдым. Эми түзүлгөн комиссия, мектеп жамааты кандай чечим кабыл алса, баш ийем.

Ал эми билимим боюнча айтсам, педагогикалык колледжди аяктап, 2012-жылы ишке катчы болуп киргем. Кийинчерээк мектепте информатика мугалими жетишпегендиктен 2019-жылы 1 айлык компьютер курсун окуп, ошол убакыттан бери информатика сабагынан билим берип баштагам. Ушул мезгилге чейин информатика жана көркөм өнөр сабагынан билим берип келгем», — деди мугалим.

Окуя боюнча Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн комиссия түзүлүп, териштирүү иштери башталган. Анын негизинде мугалим Эмгек кодексинин 381-беренесинин 2-бөлүгүнүн (педагогикалык кызматкер окуучуга, тарбиялануучуга карата күч колдонуп жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүшүнө байланышкан тарбиялоо усулдарын, анын ичинде бир жолу пайдаланганда) негизинде жумуштан бошотулганын Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов билдирген.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматы боюнча, аталган факт текшерүүнү талап кылгандыктан Сузак РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, окуянын чоо-жайы такталды.

Социалдык тармактарга мугалим окуучуну сабаган видео тараган.

Кичинчерээк окуяга чейинки видео да тарады. Анда окуучу кыз мугалим менен айтышып жатканын көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE