Пример HTML-страницы

Москвада кыргызстандык жигит кармалган. Тышкы иштер министрлиги комментарий берди

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиянын Москва шаарында кармалды делген кыргызстандык жигит боюнча маалымат такталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын жараны Н.Т.нын кармалышы боюнча маалыматты тактоо максатында анын ата-энеси менен байланыш түзүлдү.

«Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынан Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы элчилигинин дарегине Н.Т. тууралуу билдирүү түшө элек. Кыргызстандын жаранынын кармалышы боюнча бардык жагдайларды тактоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстандын элчилиги кармалган Н.Т.нын жактоочусу менен байланышты.

Кошумча маалымат алынганда элчилик тарабынан Н.Т.нын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чара көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

————————————————-

Бүгүн, 4-апрелде АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында 20 жаштагы Нурмухаммед Токобаев 2024-жылдын 1-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарында кармалганын анын ата-энеси билдирген.

Алардын айтымында, Нурмухаммед Токобаев өткөн жылдын ноябрь айында иштөө үчүн Москвага кеткен. Аталган шаарда курулуш тармагында, жүк жеткирип берүү кызматтарында иштеген. Окуя кандай болгону, уулу кантип, кайдан кармалганы боюнча аларда толук маалымат жок.

Апасы Гүлсанам Зулпукарова 2-апрелде түндө баласы жактоочусунун телефону менен байланышка чыкканын айтат.

«Мен Ош шаарынын туругуну болом. Балам Нурмухаммед Токобаев 2003-жылы туулган. Өткөн жылдын ноябрь айында Москвага иштегени барган. Жүк жеткирүү кызматында иштегенине бир ай болгон экен. Буга чейин курулуш тармагында да иштеген. Жүк ташып иштеп жүргөн учурунда эле күч органдары кармап алышыптыр. Кандай кылып кармалып калганын деле толук билбейбиз. Чөнтөгүнө баңгизат салып коюшканбы, ал жагы бизге караңгы болуп турат. Балабыз менен эч ким сүйлөштүргөн жок. Жактоочунун номуру экенин айтып, бизге эки ооз кеп айтып, «Мен ушинтип кармалып калдым» деди. «Чындап эле ушундай кылдыңбы?» десек, «Кечирип коюңуздар» деп эле ыйлады. «Мен кылган жокмун, аз эле болду эле иштегениме, билген деле жокмун» деди. Башка сөз сүйлөткөн жок. «Апа, узак сүйлөй алабайм» деп өчүрүп койду. Ошондон бери кайда басарыбызды, эмне кыларыбызды билбей, аргасыздан маалымат жыйын берип жактан учурубуз. «Мени 2 айдан кийин Украинага алып кетебиз деп жатышат» дегенде эле телефонду алып, өчүрүп коюшту.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, биздин ушул маселебизге жардам берип коюңуздар. Балам баңгизат менен кармалып калды. Аны бирөө салып койгонбу, куру доомат коюп коюшкан окшойт», — деди Зулпукарова.

Барчынбек Зулпукаров баласы үчүн баарына даяр экенин, аны Россиянын абагынан Украинадагы согушка жөнөтүп жибериши мүмкүн экенин белгиледи.

«Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, биздин башыбызга өтө оор иш түшүп турат. Балабыз «Силер мигрант болуп жүрүп бизди багып, кыйналдыңыздар. Эми мен чоңойдум, силерди мен багайын» деп иштегени кеткен эле. Баламды Москвада баңгизат менен карматышып, камап коюшуптур. Бул иш карапайым эл журтка деле белгилүү. Балама куру доомат коюп, Украинага даярдап жатышат окшойт. Мындай окуя элде толтура экен. Азыр бизге жашоо караңгы болуп калды», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE