Пример HTML-страницы

Москва районунда кылым карыткан 2 эне акчалай сыйлыктарга ээ болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунун акими Ниязбек Козуев жана мекеме-ишкана жетекчилери кылым карыткан 2 эненин үйлөрүнө барып, президентин куттуктоо баракчасын тапшырып, сый көрсөтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондо 100 миңден ашуун көп улуттуу калк жашаса, 2 эне 100 жаштан жогорку курактагылар. Алар: Беловодск айылынын тургундары — 105 жаштагы Анна Капралова жана 102 жаштагы Бадал Атанбекова. Аларга президенттин атынан куттуктоо баракчасы, жоолук, улуттук кийим жана социалдык баштыктар тапшырылды. Мындан сырткары райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 3 миң сом жана азык-түлүк баштыктары берилди. Ал эми Беловодск айыл өкмөтү тарабынан энелерге миң сомдон акчалай сыйлык берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE