Пример HTML-страницы

Москва районунда 154 000 000 сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылган

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква районунда 154 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Москва райондук прокуратурасынан билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, прокуратура тарабынан Москва районунун Биринчи Май айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жер жана агрардык реформа боюнча борборунун жана «А-Б-А-С» ААКнын [кээ бир маалымат боюнча сөз «Ак-Бата-Ак-Суу» ААКсы жөнүндө болуп жатат] ортосунда түзүлгөн 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин жана Биринчи май айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы чечиминин негизинде 154 млн сомдук 28,02 гектар жер тилкеси (ат майданы) «А-Б-А-с»ААКка мыйзамсыз берилгендиги аныкталган. Муну менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2001-жылдагы «2001-2003-жылдарга менчиктештирүү программасынын долбоорун аткаруу жөнүндө» токтомун бузулган.

Москва райондук прокуратурасынын жер аянттарын артка кайтаруу боюнча доо-арызы сот органдары тарабынан канааттандырылып, муниципалдык менчикке кайтарылды.

Биринчи Май айыл аймагында 10 миң 347 адам жашайт, административдик борбору — Ак-Суу айылы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE